Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Пайдабы же адам укуктарыбы? Мунай-газбы же демократиябы? Борбор Азияда бул диллемага эң качан жеңил жооп табылбайт. Бул айрыкча, ушул күндөрү Ашхабатка жана Ташкенге германиялык делегациянын келишине байланыштуу айгине болууда.

Ушул дүйшөмбүдө Германиянын экономика жана технология министри Михаел Глос жетектеген мартабалуу делегация Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшүү жүргүздү. Мунун алдында укук коргоочулар немистерди адам укуктарынын сакталыш маселесин да көтөрүүгө чакырышкан. Бирок Түркмөнстандын баш калаасынан түшүп жаткан кабарлардан бул талап канчалык деңгээлде кабыл алынганын билүү мүмкүн болгон жок. Ошол эле мезгилде Глос менен Бердымухаммедов экөө тең бизнес байланыштардын канчалык маанилүү экендигин баса белгиленишкени кабарланды.

Бердымухаммедов мунай-газ жаатында Германия, жалпы эле Европа биримдиги менен кызматташууга мүмкүнчүлүктөр кеңири экендигин белгилеп, буларга токтолду:

– Германия ар дайым Түркмөнстандын ири тышкы соода шериги болуп келген. Эки тараптуу соода былтыр 193 миллион долларга жетти.

Глос өз кезегинде мындан бир жыл мурда президент боло электе эле Бердымухаммедов Германиянын "жакын досу" болгондугун белгилди. Ал түркмөн президентин акылмандуулук менен иш жүргүзүп жатат деп да кошумчалады.

Чек арасыз журналисттер уюмунун редакциялык директору Жефф Жулиардга ылайык, Түркмөнстандагы сүйлөшүүнүн күн тартибинде Европаны Каспий аймагы менен бириктире турган «Набукко» газ жолу да болду, бирок анда адам укуктарынын маселеси тууралуу бир да сөз айтылган жок:

– Түркмөнстанда жаңы президент мындан бир жыл мурда бекиген. Демек адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатында анда жооп суроого мезгил болуп калды. Ошондуктан биз Германиянын делегациясына кат жибергенбиз. Германиянын өкмөтү адатта башка өкмөттөр менен мындай маселелерди көтөргөндөн тайсалдабайт.

Бундестагдын мүчөлөрү жана ишкерлер кирген немис делегациясы эми Ташкенде өкмөт башчысы жана инвестиция Жана соода министри менен жолугууда.

Дүйшөмбүдө Өзбекстандын сүргүндөгү Бирдамлик оппозициячыл кыймылы өзбек түрмөлөрүндөгү бир катар саясий айыпкерлердин абалына байланыштуу эл аралык коомчулукту расмий Ташкенге кысым көрсөтүүгө чакырган. Баходир Чориев аталган кыймылдын жетекчиси:

- Өзбек президенти Ислам Каримов Батыш менен байланышты калыбына келтирүү үчүн, бир нече оппозиция өкүлүн жана укук коргоочуларды түрмөдөн чыгарды. Бирок ал эски оюнду ойноп жатат деп ойлойбуз. Ошондуктан биз Европа Биримдигине жана ар кыл эл аралык уюмдарга Каримовдун саясий оюндарына алданбоого чакырган кат жибергенбиз.

Германия Борбор Азиядагы авторитардык бийликтер менен ымалаш мамилеси үчүн көп сындалат. Бирок Берлин өкмөтү адам укуктарынын айынан бул маанилүү аймак менен кол үзүшүп кеткенди туура көрбөйт.

Ошол эле убакта айрым байкоочулар Германия ошол эле Өзбекстан менен тең салмактуу саясат жүргүзүп жатат деп эсептешет. Алардын бири өзбекстандык көз карандысыз аналитик Камолиддин Раббимов:

– Германиянын көз карашында, Ташкенге кысым көрсөтүүдөн пайда чыккан жок. Кысым өскөн сайын, Ташкент Москвага, Кытайга ыктап, башка геополитикалык башка мүмкүнчүлүктөрдү таап алып атат. Экинчиден, Германия Борбор Азиядагы өз кызыкчылыктарын көздөө менен катар, ал кызыкчылыктар адам укуктары менен демократияга түздөн-түз байланышта экендигин түшүнөт.

Германия Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча былтыр жайда кабыл алынган алгачкы стратегиясынын башкы авторлорунун бири. Өзбекстанда бул өлкөнүн 300 чакты аскери турат.

Сүрөттө: Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов
XS
SM
MD
LG