Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Амирбек Усманов, Прага Германиянын өкмөтү салыктан качкан адамдардын артынан сая түшүп издөөдө. Бул ирет качкындарды табууда Лихтенштейн княздыгындагы LGT банкынын мурдакы кызматкеринен сатып алынган маалымат пайдаланууда. Ырасмий Берлиндин колундагы маалыматты бөлүшүүгө даяр экени Европанын бир катар өлкөлөрүн дүрбөлөңгө салды. Лихтенштейнден башка да Швейцариянын, Гибралтардын, Дубайдын банктары чет элдик клиенттердин ысмын купуя сактайт.

Лихтенштейндин банктары клиенттердин ысмын жашыруун кармап, байлыгын жашырган акчалууларды өзүнө тартат. Бул албетте тырнактай өлкөнүн гүлдөп-өсүүсүнө олуттуу салым кошот. Ошондуктан Германиянын банктардын сырын ачкан маалыматты сатып алуусун Лихтенштейндин премьер-министри Утмар Хеслер жактырбай, мыйзамсыздык деп атады:

-Ишеним системасын салыктан качуунун деңгээлине коюу - бул мыйзамсыздык. Айырма болуш керек да.

Лихтенштейндин LGT банкы маалыматты банкта 1999-2002-жылдары иштеп кеткен Генрих Кайбер саткан деп боолгойт. Германиянын чалгындоо кызматы маалымат үчүн былтыр жайда 4 миллион евро төлөгөн. Кыймылсыз мүлк чатагына байланыштуу издөө салынган Кайбердин кайда жашырып жүргөнү беймаалым. Банктын купуя маалыматын сатып алууну Швейцариянын банкирлер ассоциациясынын башчысы Пьер Мирабод нацистик гестапонун ыкмасы деп атап, кийин бирок ал сөзү үчүн кечирим сурады.

Германиянын жетекчилиги үчүн маалыматтын кандай алынганы эмес, жарандардын салыкты үзбөй төлөгөнү маанилүү. Же канцлер Ангела Меркел айткандай, өкмөттүн көздөгөнү-салык боюнча мыйзамды дагы катуулатуу:

- Талкууга эмне негиз бергенин мен түшүндүрүп айтканмын: Германиянын өкмөтү өлкө букаралары салыкты мыйзамга жараша төлөйт деген үмүттө. Мен ошондой эле Лихтенштейндин банктары адамдарга мыйзамды бузууга жардамдашуусун колдобой турганыбызды айткам.

Германияда салыктан качкандарга каршы өнөктүк 2 жыл мурда башталып, тузакка өлкөнүн почта кызматынын башчысы Клаус Зумвинкель илинген. Аны сот Лихтенштейнде катталган фондуга жамынып, 1 миллион евро салык төлөбөдү деп айыптады. Сотто далил катары LGT банкынын жашыруун эсеби пайдаланылды. Банктын айтымында, анын 1400 клиентинин 600ү гана германиялыктар. Ошондонбу, немецтердин маалыматын бөлүшүүгө Финляндия, Швеция, Норвегия, атүгүл Британия кызыкдар экенин билдиришти.

Апта башында Британ өкмөтү өлкөдөгү эң бай 100 жарандын банк эсебин билүү үчүн 200 миңден 400 миң долларга чейин төлөгөнүн “Sunday Times” гезити кабарлады. Байлардын тизмеси Лихтенштейн банкынан уурдалган маалыматка таянып түзүлгөн.

АКШ, Франция, Канада, Австралиянын да салык кызматтары LGTнын маалыматы боюнча изилдөө жүргүзө баштаганы маалымдалды.
XS
SM
MD
LG