Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

ИРАНГА КАРШЫ “ЖАҢЫ ТАНЫКТАР” ТАБЫЛДЫ


Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин – башкаруучулар кеңеши дүйшөмбү күнү Ирандын ядролук программасына байланыштуу “үчүнчү тараптардан” алынган жаңы документтер менен таанышты. Анда Тегеран атом куралын түзүү багытында жашыруун иштерди улантып жатканы айтылат. Былтыр декабрда АКШнын чалгындоо мекемелери отчет жарыялап, Иран курал жасоо программасын 2003-жылы токтотконун ырасташкан эле.

Жаңы табылган материалдар менен МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешин уюмдун башкы инспектору Олли Хейнонен тааныштырды. Документтерде ядролук дүрмөттүн чиймелери, аны ракетага жалгаштыруунун ыкмалары жана башка жол-жоболор баяндалган. Мындан тышкары баллистикалык ракеталардын ар түрдүү эскиз-схемалары бар. Документтердин баары фарсы тилинде жазылган.

Британиянын МАГАТЭдеги өкүлү Саймон Смит 2003-жылдан кийин да Иран атом бомбасын жасоо иштерин жең ичинен улантып келген болуу керек деп болжолдойт. Бирок жабык жыйынга катышкан Батыш дипломаттары жаңы документтер конкреттүү кайсы булактардан алынганын айтышкан жок.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Ашгар Солтани документтердин баарын атайылап жасалган жалгама деп атады. Анын соңунан Тегерандын Улуттар Уюмундагы элчиси Мохаммад Хази Ирандагы оппозициялык топту Вашингтонду жалган маалыматтар менен жабдып, эки ортого от жагып жатканы үчүн айыптады.

Ирандагы улуттук каршылык кеңешинин өкүлү Мохаммед Мохаддезин оппозициялык коалиция МАГАТЭге чын эле көрсөтмөлөрдү бергенин ырастады. Атүгүл ал Тегеранга жакын Хожирдеги аскери ишканада атомдук дүрмөттөрдү түзүү иштери жүрүп жатканын айтып, эгер бул жалган болсо, анда Иран аталган заводду эл аралык инспекторлорго ачып берсин деп билдирди.

Өткөн аптада эле МАГАТЭ кезектеги докладын жарыялап, Иран өзүнүн атомдук программасына байланыштуу иштерде бир топ ачык боло баштаганын белгилеген эле. Документте ошол эле учурда иран режими ядролук курал жасаганга аракет кылып жатпаганын бышыктаган “ишенимдүү далилдер” да жок экени айтылган.

МАГАТЭнин башкы директору Мохаммед ал-Барадей эл аралык агенттик буга чейинки иштерге кошумча Ирандын азыркы аракеттери да өңчөй жайчылык максаттарга багытталганына бекем кепилдик алгысы келерин, ушундан улам Тегеранга Кошумча протокол түзүү сунуш кылынганын белгиледи. Бу документ Ирандын иштеринде шек санаткан жагдайлар жок экенине ишенүү үчүн кошумча маалыматтарды алганга мүмкүндүк түзөт эле, деп эскертти МАГАТЭнин башчысы.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс “жаңы документтерге” негизденип Вашингтон Иранга жаңы санкцияларды жарыялоону талап кыларын билдирди. Бу маселени азыр “алтылыктын” өкүлдөрү Вашингтондо талкуулап жатышат. ”Алтылыкка” АКШ, Британия, Германия, Кытай, Россия жана Франция кирет.

XS
SM
MD
LG