Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Түркиянын расмий өкүлү Багдадга барат


Бүгүн Түркиянын расмий өкүлү Багдадга барып, Ирактын жетекчилери менен жолугаары күтүлүүдө. Кечээ Багдад Түркиянын Түндүк Ирактагы күрт козголоңчуларына каршы аскердик операциясын айыптаган. Өткөн бейшембиде башталган операциясы маалында түрк армиясы 150дөн ашуун күрт жикчилин жок кылганы кабарланууда. Ирактагы куралдуу кампанияга ушу тапта 2000дей түрк аскери катышууда. Ирак өкмөтү кагылышууга Күртстандын коопсуздук күчтөрү аралашып кетсе кырдаал кыйла начарлайт деп эскертүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG