Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын 10-январында өлкө башчысы Курманбек Бакиев калкка жана Жогорку Кеңешке жасаган билдирүүсүндө өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү тууралуу сөз кылды. Ал экономикада алгылыктуу ийгиликке жетишүү үчүн “10 топ-менеджер” программасын улуттук долбоор катары сунуштады. Учурда бул программа боюнча жарлыктын долбоору иштелип жатат.

26-жаштагы Кайрат Итибаев жеке компанияда иштейт. Ал былтыр Чехиядагы Карл университетин аяктап келген. Ал окуу жайга Кайрат “21-кылымдын кадрлары” деген президенттик программа боюнча барган. Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишим боюнча сынактан өткөн 20 кыз-жигит Чехияда бир жыл окуган соң, андан ары алардын окуусун каржылоо токтотулган. “Андыктан биз ал келишимди бузуп, ар кимибиз өз алдынча болуп кеттик”, - дейт Кайрат:

-Бийликтегилер биздин билим алуубузду андан ары каржылоого каражат жок дешкен. Анан эмне кылмак элек? Көптөр окууну таштап Кыргызстанга кайтышты, башкалар ошол жакта калып, иштеп кетишти. Калгандарыбыз өз алдыбызча окууну аяктадык. Окуп жүргөндө мамлекеттик кызматкерлердин бири да биздин ал-жайыбызды сураган эмес, окуп жатабызбы же жокпу, көзөмөл деген жок эле.

Кайраттын айтымында, “21-кылымдын кадрлары” программасы боюнча окууга кеткен студенттердин бири да азыр мамлекеттик кызматта иштеген жок. Ал “10 топ-менеджер” долбоору тууралуу укканын, бирок жаш кадрларды даярдоо боюнча мурдагы мамлекеттик программалар өңдүү ал долбоор дагы өз максатына жетээрине ишене албай турганын айтат:

-Эми ким билет, балким менеджерлерди даярдоо механизмин жакшылап иштеп чыгып, бул иштин башына жоопкерчиликтүү адамдарды койсо жыйынтык чыгат болуш керек.

Президент Курманбек Бакиев өз кайрылуусунда айтып өткөн “10 топ-менеджер” программасынын максаты - экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн жылына жогорку даярдыктагы 10 менеджерди даярдоо.

Бул программаны иштеп чыгуу тапшырмасы президенттик администрациянын экономика тармагына жүктөлгөн. Бөлүмдүн башчысы Азамат Дыйканбаев жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу буларды айтат:

-Ушул тапта буга байланыштуу жарлыктын долбоору иштелип жатат. Программанын башкы максаты - маанилүү деген тармактар үчүн 10 мыкты башкаруучуну тандоо. Негизинен жыл сайын 10 башкаруучу даярдоо каралганы менен менеджерлер канча жылда бир даярдалаары каржы маселеси чечилгенде билинет.

Ал эми экономист Жумакадыр Акенеев сөз болуп жаткан программа тууралуу оң пикирде:

-Жакшы идея. Эми аны түзүктөп ишке ашыруу үчүн ошол менеджерлерге мамлекет жакшы айлык төлөп бериши керек, ошондо аларда стимул пайда болот. Эгерде сынак жарыяласа, биздин балдардан азыр эле мыктылар табылат.

Тарыхка кайрылсак, 1975-жылы Аугусто Пиночет башында турган Чили республикасы болуп көрбөгөндөй экономикалык кризиске тушуккан. Кризистин тереңдигин мындан билиңиз, инфляция денгээли 300 пайыздан ашып кеткен экен. Ошондо мамлекетти мындай абалдан чыгаруу үчүн Чикаго университетин бүтүп келген 30 чилилик жигит жардамга келген. Алар экономиканын ар кыл тармактарын башкарып, кризиске белчесинен баткан Чилини саздан чыгарып кетишкен.

Экономист мына ушул мисалды айтып, дымактуу, акылы тунук жаштардын жардамы менен экономиканы бутуна тургузууга толук ишеним бар деген пикирин айтат.

Биздин дагы бир маектешебиз - Бишкек ишкер клубунун мүчөсү Марат Жаанбаев. Ал “10 топ-менеджер” программасы тууралуу анча деле оптимисттик көз карашта эмес экенин айтат:

-Жалпысынан ой жакшы көтөрүлдү бирок иш жүзүнө келгенде “кыргызчылык” болуп кетиши мүмкүн. Анткени кайсы критерийлер боюнча ошол 10 мыкты менеджер тандалат, аларды ким тандайт, ушул сыяктуу жол-жоболор түшүнүксүз болуп жатпайбы. Мен бул маселеде “таанышчылык”, пара берүү деген нерселер болуп кетпейби деп ойлонуп атам.

Дегени менен Азамат Дыйканбаевдин айтымында бул маселеде эч кандай коррупцияга жол берилбейт:

-Менеджерлер өтө кылдаттык менен тандалат. Алар бир топ талаптарга жооп бериши зарыл. “Көчөдөн келе калып эле же акча суна коюп өтүп кетем” дегендерге жол жок. Билими, иш тажрыйбасы, лидерлик сапаттары бар, дымактуу, тың талапкерлер гана 10-топ менеджер программасына өтө алышат.

Ошентип, экономиканын маанилүү деген тармактарын башкарып, аксап турган эконмиканы бутуна тургузууга салым кошо алам, буга күчүм дагы, билимим да жетет деген жаштар болсо “10 топ-менеджер” программасына катышса болот. Ал эми сынакта артыкчылык дал ушул жаш адистерге берилет.
XS
SM
MD
LG