Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

12:08 К.Исабеков: “Кумтөр” боюнча келишимди баштагы калыбына келтириш керек


Парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков азыр Кыргызстан Кумтөр боюнча алгачкы келишимде көрсөтүлгөн 67 пайыздык үлүшүнө кайра ээ болушу керек, деди. Анын айтымында, Кумтөр кени иштетилгенден бери Кыргызстан андан болгону 10 млн. доллар эле киреше алган. Башкы келишим боюнча Кумтөр кыргыз өкмөтүнүн менчигине 2007-жылдын май айында өтүшү керек эле. Бирок Н.Танаевдин өкмөтү А.Акаевдин колдоосу менен кенди кайра Центерра-Голд-Инк компаниясына туура эмес сатып жиберген, дейт Исабеков. Ал ошондой эле Аскар Акаевдин жакындарынын буйругун Борис Силаев да аткарып, кендеги Кыргызстандын үлүшүн 11-12 пайызга азайтууга салым “кошкон” деп белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG