Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР МАНЖА КЕСИЛДИ


Мына ушундай маанидеги макала жарыялаган “Алиби” гезити мурда күнү Улуттук госпиталдын хирургиялык бөлүмүнө тез жардам менен эки кытай жараны келип түшкөнүн, бирөөсүнүн мойнуна бычак шилтенсе, экинчисинин аты жогу кесилип алынганын белгилеп, кулак менен сөөмөйгө байланышкан “жаңы жылдык белектин” ызы-чуусу эл эсинен эми чыгып баратканда эсил жаратты кайра козгогон бул манжа эми кайсы төбөлгө белек болор экен, деги кайда барып токтойбуз, албетте күч органдары бул иштин күнөөкөрүн тез арада аныктарында шек жок.

Бирок сырттан карап турганда “бу кыргыздарга эмне болгон?” дейт го. Куураган Кыргызстан Кудайдан алыс болуп, Кытайга жакын жайгашып калганын карабайсыңбы" деп жазды.

Гезиттин дагы бир алакандай кабары “Алибиге” 1 миллион сом айып коюлду” деп аталат. Эмне үчүн? “Кечээ 26-февраль күнү “Алиби” гезитине “Президенттин инисинин ишин ким тергейт?” деген сын макаласы үчүн сотко чакырган кагаз келди. Доо-арызды Бишкектин 1-Май райсотуна Салиев Асылбек Жаныбекович жолдоп, жарандык чыгым үчүн гезиттен 1 млн. сом, гезит кабарчысынан 500 миң сом өндүрөм деп алакан ушалап турган кербези” деп кабарлаган гезит, ушундай эле мазмундагы чакырык менен доо арызды “Де-факто” гезити да алгандыгын анын баш редактору Чолпон Орозобекова айым да билдиргенин, ошентип президенттин инисинин иши, доо арыз тууралуу гезит позициясын келерки саныбыздан окуйсуздар деп аяктайт бул гезит аталган маалыматын.

Ушул эле гезит бүгүнкү санына “Сатылма саясат”,”Чудиновдун чуулары чубалжыды”,”Акжолдон БШКга алтоо барды”,”Режиссер Болот Шамшиевдин үйбүлөсүндөгү “скандал концерт” деген чакан макалаларын окурмандарына сунуш кылды.

Акаев доорунан бери эле сөз болуп келаткан Кыргыз-Кытай темиржол маселесине кайрылган “Дело №...” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы деректири Нариман Түлеев, “жаңы темир жол долбоорунун эки варианты бар, бири түндүк аркылуу өтө турган Балыкчы-Торугарт, экинчиси түштүк аркылуу өтө турган Кара-Суу-Торугарт-Өзбекстан.

Бизде түндүк аймагы аркылуу салына турган темиржол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери даяр, ал эми экинчисиники азырынча жок. Ошондуктан темир жол Кыргызстандын кайсыл тарабы аркылуу салынарын азырынча айтуу эртелик кылат” деди. Түлеев мырза, андан аркы сөзүндө бул жолдун кыргыз тарабындагы курулушуна эле 1 жарым-2 миллиард доллар кетерин, теориялык жактан алганда аны 3 жылдан 5 жылга чейинки аралыкта куруп чыкса болорун, баса бул темиржол курулушун Кытай өлкөсү өзүнүн 5 жылдык планына киргизгенин, кокус ишти кытай тарап колго алчу болсо анда аны 3 жылда эле бүтүп саларын белгиледи.

Темиржол Кыргызстанга эмне пайда берет? - деген суроого баш деректир, Кыргызстан туштарабы туюк өлкөдөн деңизге чыга турган транзиттик өлкөгө айланарын, мына ушул транзиттен эле жыл сайын 150-200 миллион доллар киреше кирип турарын, ошондой эле Ысык-Көл менен Нарын облустарынын 5 миңден 7 миңге чейин кишиси иш менен камсыз болорун, мындан тышкары ой жеткен менен кол жетпей келаткан Нарындын тоолорундагы темир, алюминий, жез жана башка баалуу кендерге кол жетерин, кыскасы Кыргызстан бул темиржол долбоору жүзөгө аша турган болсо Түркмөнстан аркылуу Иран менен Сауд Арабстанга, Орусия аркылуу Европага чыгарын айтып кубанат.

Ал эми темир жол курулуп бүтөрү менен Кыргызстанга кытай толуп кетет деп коркпойсузбу?-деген суроого Нариман Түлеев: Ансыз деле жумасына беш жолу Бишкек-Үрүмчү аба каттамдары боюнча учактар учууда. Чегарабыз ачык. Ал жерде өткөн-кеткенди көзөмөлгө алып турган чегарачы дегенибиз бар. Кытайлар каптап кетет деп коркуунун кереги жок,-деп жооп берди.

Гезит ушул эле санында Орус өкмөтүнүн федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы жаңы жетекчиси катары кызматтык ишин баштаган Владимир Филиппов менен баарлашуусун басты. Орусиянын өкүлү гезит кабарчысынын суроосуна жооп берүү менен, акыркы айлардагы орус такырбаштарынын кыргыздарга кол салуусунун себептери өтө эле көп болушу ыктымалдыгын, Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинен алганда мигранттардын көптүгү боюнча Орусия дүйнөдө 2-орунда турган өлкө экенин, тилекке каршы Орусияда иштеп жүргөн чет элдиктерге орус жергесинде жасалгандай эле кылмыштар орус жарандарынын өзүлөрүнө да жасалып келатканын, маселен өткөн жылы эле бүтүндөй орус аймагы боюнча Кыргызстандын жарандары тарабынан орус жарандарана каршы 3 миң 318 кылмыш жасалса, кыргызстандыктарга каршы жасалган кылмыштын саны 1 миң 58 болуп катталганын айтып, мындан ары карай деле эмгек мигранттарынын шартын жакшыртуу үчүн эки тараптан бардык аракеттер көрүлө берерине ишендирет.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG