Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

15:20 Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Алиби” гезитин сотко берди


Бул тууралуу аталган гезиттин баш редактору Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ (26-февралда) саат төрттөрдө гезиттин редакциясына Биринчи май райсотунан бейтааныш эки адам келип, сотко чакыруу кагазын алып барып таштап кеткен. “Андан соң Биринчи май райсотуна барсак судья Мадина Давлетбаевага доо арыз түшкөн экен. Анда президенттин инисинин баласы Асылбек Салиев биздин гезит боюнча доо арыз менен кайрылыптыр. Гезиттин ушул жылкы чыккан №1санында “Президенттин инисинин ишин ким тергейт?” деген Урмат Иманалиевдин макаласы кеткен эле, ошол боюнча “менин ар намысыма жана атуулдук абийириме шек келтирди”,-деп гезитке 1 млн. сом, автор Урмат Иманалиевге 500 миң сом айып койгон доону таштап кетишкен экен. Бул иш 4-мартта каралганы жатат”,-деди Момбеков. Президенттин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Жаныш Бакиевдин баласы жоопко тартылабы?“ деген макала үчүн “Де-Факто” гезитин да сотко бергенин, сот жараяны 4-мартта болоорун гезиттин кабарчысы Динара Алимова кечээ “Азаттыкка” маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG