Финансы базарын көзөмөлдөө жана жөнгөө салуу кызматы 25-февралда “Кыргызөнөржайкурулушбанктын” баалуу кагаздарын иштетүүгө чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу “BNC Finance” компаниясы билдирди. Ал эми бүгүн “Кыргыз фондулук биржасында” “Кыргызөнөржайкурулушбанктын” 24 миңден ашуун баалуу кагазы 12,3 миллион сомго сатылды. КФБнын маалыматы боюнча, “Кыргызөнөржайкурулушбанк” ачык акционердик коомунун бир акциясынын баштапкы баасы 500 сом. (JTo)