Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

17:10 Коомдук парламенттин курамы көбөйүшү мүмкүн


Коомдук парламенттин жаралышына кооптонгондор арбыды деп айтылат Коомдук парламенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө. Анда Адилет министри Марат Кайыпов элдин атынан сүйлөгөнгө Коомдук парламенттин укугу жок деп туура эмес айтып жатат, деп айтылат. Кечээ болсо «Акыйкаттык үчүн» коомдук кыймылынын координациялык кеңеши жана Коомдук парламенттин бир катар активдүү мүчөлөрү кезексиз жыйын курушту. Ал жыйында элдин мындай демилгелерин министр М.Кайыповдун тыйганы туура эмес деп белгиленген. Жыйында ошондой эле баалардын өсүшү, мамлекеттик органдардын алсыздыгы, паракорчулуктун көбөйүшү сыяктуу маселелер талкууланды. Жыйынга аймактардан келишкен жаңы мүчөлөр да катышып, коомдук парламенттин курамын көбөйтүүнү сунушташкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG