Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

ЖАЛАЛАБАТТА СУЛТАН УРМАНАЕВДИН ИШИН СОТ КАРАП БАШТАДЫ


27-февралда Бишкек гарнизондук аскер соту Жалалабатта облустун мурдагы губернатору Султан Урманаевге каршы козголгон кылмыш ишин кароого киришти. Ал соттун алгачкы олтурумунда ага башкы прокуратура тарабынан кызмат абалынан ашыра пайдаланган деген берене боюнча айыбы угузулду. Экс губернатор мындай айыпты четке какты. Депутат А.Бекназаровду абактан бошотуу талабы менен Аксы районундагы Карасуу айылына чогулган элдин алдына 2002-жылдын 16-мартында барбай калышына президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловдун тиешеси бар экендигин билдирди.

Жалалабат гарнизонунун аскер прокурору Акылбек Абдыраев бүгүн облустун мурдагы губернатору Султан Урманаевге Аксы окуясында адам өлүмдөрүнө байланыштуу кызматынан аша чаап пайдаланган деген берене боюнча айып таккан баяндаманы окуп берди. Сотко окуяда жабырлануучулар менен алардын жактоочусу да келген жок. Адвокат Сартпай Жайчыбеков жабырлануучулар соттун Аксы районунда өтүүсүн талап кылган өтүнүчү аткарылбагандыктан алардын суранычы боюнча сотко катыша албай тургандыгын билдирген. Сотто угузулган айыптарга ылайык экс-губернатор Урманаев 2002-жылдын 17-мартына чейин депутат Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу талабы менен өтүп жаткан массалык акция катышуучулары менен жолугушпаган. Нааразы болгон элден кабар алууга февраль айында ички иштер министри Темирбек Акматалиевдин төрт жолу телефон чалса да, президенттик администрациянын ошондогу башчысы Аманбек Карыпкуловдун көрсөтмөсү мүмкүндүк берген эмес. Урманаев Карасуу айылына баруу убадасын бергени менен 16-мартта ал жакка барган эмес. Карасуу жана Каражыгач айылдарында чогулган 4 миңге жакын адамга Урманаев Карыпкуловдун оозеки көрсөтмөсүн шылтоо кылып барбай койгон деп айтты аскер прокурору:

- Өзүнө ишенип берилген аймактагы саясий-коомдук жагдайды жана конфликттүү кырдаалдарды жөнгө салууга аракет көргөн эмес. Компетентсиздиги менен массалык акцияларды четке каккандыгы жана ал акциялардын катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү каалабагандыгы адам өлүмүнө алып келген оор жагдайлардын жаралышына алып келген.

Кызмат абалынан аша чаап пайдаланган деген айыпталган соттолуучу Султан Урманаев ага коюлган айыптарды четке какты. Ал депутат Азимбек Бекназаровдун камалганын беш күн өткөндөн кийин уккан. Анын айтымында депутат абакта жатып сабалыптыр деген каңшаар таркаганга чейин Аксы районунда абал тынч болгон. Жогорку уюмдарга Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу нааразы болгон элдин талабы такай билдирилип турган. Бирок ушундай эле өтүнүч тууралу Жогорку Кеңеш резолюция кабыл алса да, Жогорку сот менен Башкы прокуратура ага көңүл бурбаган. Урманаевдин пикиринде депутат камалбай, 17-мартта Турсунбек Акун кармалбаса, Аксы окуясы болмок эмес. Ал облустун ошондогу прокурору Зоотбек Кудайбергеновго да Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү айткан:

- Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп койгула, ошону менен туруп туралы дедим. Мен деле Зоотбекке айттым, эмне ушунчалык эле коркунучтуу адамбы, тим койбойсуңарбы, тергөөгө жолтоо болот. Мен анын тергөөсүнө кантип кийлигишем деп. Мадумаров деле калп жерден урду деп элди дүрбөтүп атпайбы. Тусунбек Акун келбегенде мындай болбойт эле.

Мамлекеттик айыптоочу Жамила Туражанова Урманаевдин Карыпкулов менен прокуратура кызматын күнөөлөгөнүнө макул болгон жок:

- Карыпкулов деп атасыз, губернатор барып эл менен сүйлөшпөсө анда губернатордун бизге эмне кереги бар. Күнөөнү мойнуңузга албай атасыз, анда ким күнөөлүү балдардын өлүмүнө?

Урманаев: - Бул жерде прокуратуранын кишилери күнөөлү.

Туражанова: - Сиздин губернатор катары салымыңыз канча болгон?

Урманаев: - - Менин прокуратурага таасирим жок болгон. Кептин баары прокуратуранын адамдарында болгон.

Сотто Аксы райондук “Кыргызтелеком” ишкана деректири Абас Абылкасымов менен облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов күбө катары көрсөтмө беришти. Абылкасымовдун эскерүүсүндө алты жыл мурда нааразы болгон элдин алдына бийлик жетекчилерин эч ким баралган эмес:

- Мен Карасууга барыш максат менен келдим эле. Мени президенттин аппарат башчысы Карыпкулов кайра чакырып атат, мен кайра кетишим керек деп мага айкансыз. Бул сөздү айтып эле койбой, президент Акаевдин убагында дагы Совет безопасности болсо керек, ошондо дагы ушул сөздү айткансыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG