“Бийликте коррупция, алдым-жуттум, жердешчилик өңдүү көрүнүштөр өкүм сүрүүдө. Азыр калк арасында бийликке нааразы болгондор өтө көп. Андыктан бийлик системалык реформаларга барбаса, 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт”, - деп “Азаттыкка” парламенттин мурдагы депутат Темир Сариев билдирди.