Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

ИРАК КЫЖЫРДАНСА, ТҮРКИЯ ЖООШУТУУДА


Түркия күрд согушкерлеринин базалары жок кылынмайынча түндүк Ирактан аскерлерин алып кетүүнүн мөөнөтүн белгилебейт. Бул тууралуу Түркиянын шаршемби күнү Багдадга келген атайын чабарманы билдирди. Түркиянын түндүк Ирактагы аскерий операциясын ирак өкмөтү башында сабырдуулук менен кабыл алган эле, азыр болсо айыптады. Бир аптага жакындап калган уруштарда, түрк армиясынын маалыматына караганда, ПККнын 230 согушкери жок кылынды. Ал эми түрк армиясы 24 аскеринен айрылды.

Анкаранын атайын чабарманы Ахмед Давутоглы шаршембиде Багдадда ирак тышкы иштер министри Хошияр Зебари менен кездешти. Ошондой эле анын президент Жалал Талабани менен жолугушуусу белгиленген.

Атайын чабармандын иш сапарынын максаты - ирак бийликтерине Анкаранын азыр түрк армиясы Ирактын түндүгүндө күрд согушкерлерине каршы өткөрүп жаткан аскерий операцияга байланышкан болочок пландары тууралуу айтып берүү өңдөнөт.

Ахмет Давутоглынын Багдаддан жасаган билдирүүлөрүнө караганда, аскерий операция жакын арада аяктачудай эмес.

Күрд Жумушчу партиясы же ПККнын түндүк Ирактагы турумдарына мурдараак артиллериядан жана абадан сокку уруп келген түрк армиясы аларга каршы кургактагы операциясын өткөн бейшемби, 21-февралдын түнүндө баштаган эле. Андан бери бир аптага жакындап калган уруштарда, түрк армиясынын билдиргенине караганда, ПККнын жалпысынан 230 согушкери жок кылынды. Маселен, өткөн түнкү уруштарда эле 77 согушкер мерт болгон. Ал эми түрк армиясы 24 аскеринен айрылды.

Бул аралыкта түрк армиясынын күрд козголоңчуларына каршы ири масштабдагы чабуулуна байланыштуу Ирак өкмөтүнүн тынчыздануусу күчөөдө. Анткени бул жердеги уруштарга ирактык күрддөрдүн пешмерга деп аталган коопсуздук күчтөрү да аралашып кетеби, карапайым калк арасында да жоготуу болуп калабы деген кооптонуу бар. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Али ал-Дабах мындай дейт:

-Биз Түркия менен жакшы мамилени сактоону каалайбыз жана Түркия да кырдаалдын опурталдуулугун, айрым бир аскерий калпыстыктардан улам кырдаал курчуп кетиши ыктымал экенин түшүнүүсү абзел. Түрк жана пешмерга күчтөрү ортосунда уруш чыгып, анын кучагында карапайым тургундар жана инфраструктура да калышы мүмкүн. Буга Ирак өкмөтү келише албайт.

Ушул шейшемби күнкү Ирак өкмөтү Түркиянын чабуулун айыптоо менен ал өлкөнүн суверенитетин бузуп жатканын белгилеп, Анкараны аскерлерин дароо алып кетүүгө чакырды. Ал эми Багдадга келген түркиялык чабарман Ахмед Давутоглынын айтымында, Түркия тескерисинче азыр Ирактын буга чейин террорчулар солкулдатып келген аймагындагы суверенитетин калыбына келтирүүдө.

Өзү Ирактын борбордук өкмөтүнүн түндүктөгү күрд автоном чөлкөмүндө болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү чектелүү эле. Бирок, кырдаал курчуп кетет деген кооптонууларга негиз бардай.

Анткени кабарларга караганда, ортодо от чыгып кетүүчүдөй окуя чабуулдун алгачкы күнү эле орун алыптыр. Өткөн бейшембиде Түркиянын брондуу техникасы түндүк Иракка киргенде жергиликтүү күрддөрдүн пешмерга күчтөрү жолун тороп, аскерий кербен артка кайткандай. Мында өлкөнүн саясий жетекчилигинин түндүк Ирактагы аскерий операция кандай болгон күндө да ирактык күрддөргө каршы багытталган эмес деген ырастоосу эсепке алынгандай. Анткен менен түрк командачылыгынын жергиликтүү калкка ПККнын согушкерлерин жашырбоону эскерткен жайы бар.

Күрд согушкерлерин өлкөнүн түштүк -чыгышына кол салуу үчүн такай колдонуп келген туруму - Ирактын түндүгүндөгү тоолордон тазалоону көздөгөн аскерий операциясын Түркия өзүн коргоо чарасы катары мүнөздөп, буга толук укуктуу экенин айтууда.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын жыйынында сүйлөп, күрд согушкерлерине каршы аскерий чара жалпы аймактын коопсуздугу үчүн көрүлүп жатканын белгиледи:

-Түндүк Иракта террордук уюмдун турушу биздин өлкө жана эл үчүн коркунуч жаратуу менен катар Ирак үчүн да саясий туруксуздуктун элементи. Террорго каршы кызматташтык биздин көп тараптуу саясий жана экономикалык алакабызды күчөтөт.

Ирактын күрд автоном чөлкөмүнүн парламенти болсо Түркиянын чабуулун айыптап, Анкаранын НАТО боюнча өнөктөшү АКШны күрд калкын коргоого үндөдү. Кошмо штаттар болсо Анкараны ачык күнөөлөбөгөнү менен аскерий операцияны создуктурбоо зарылдыгын байма-бай айтып жатат. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс бул тууралуу бүгүн Индияда жүргөн жеринен да билдирди.

Гейтс белгилегендей, Түркия операциянын мөөнөтүн бир нече ай эмес, күн же апта менен гана чектеши абзел. Жалгыз гана аскерий чара ПККнын одогон жылдарга созулган террор өнөктүгүн токтото албайт.

Түркия өлкөнүн түштүк-чыгышындагы саясий жана экономикалык абалды оңдоо үчүн көбүрөөк иш жасаганы оң. АКШ коргоо министри түрк жетекчилиги менен Анкарада бейшемби күнү сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жатат. Түркиянын өзүндө тыюу салынган ПККны АКШ менен Еврошаркет да террорчул уюм катары тааныган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG