Ушу тапта Индияда жүргөн АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс бейшембиде Анкарада түрк жетекчилиги менен жолугушмакчы. Бул аралыкта Түркиянын чабарманы Багдадда Ирактын президенти Жалал Талабани, тышкы иштер министри Хошияр Зебари менен кездешти. Кечээ Багдад өкмөтү түрк аскерлеринин Түндүк Иракка киришин өлкөнүн суврендүүлүгүн бузуу болуп эсептелет деп айыптаган. Түрк куралдуу күчтөрү күрт козголоңчуларына каршы операциянын алкагында өткөн аптада Түндүк Иракка кирип барышкан эле. Түрк командачылыгы операция кыска мөөнөттүү болот деп, ал канчага созулаарын так айткан эмес.
Анкара Күрттөрдүн жумушчу партиясы Түндүк Ирактагы базаларын Түркияга кол салуулар үчүн колдонууда деп айыптап келатат.
Анкара Күрттөрдүн жумушчу партиясы Түндүк Ирактагы базаларын Түркияга кол салуулар үчүн колдонууда деп айыптап келатат.