Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

7:38 Орусияда дагы бир кыргыз жараны өлтүрүлдү


Кечээ кечинде белгилүү болгон маалыматка караганда, шейшемби күнү кечинде Москва облусунун Клин шаарында курулушта иштеп жаткан кыргызстандык жана өзбекстандык эмгек мигранттарынын ортосунда чыр чыгып, ал кыргыз жараны Бөрүбай Темиркановдун өлтүрүлүшү менен аяктаган. Чыр эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Учурда бул окуяга тиешеси бар делген эки өзбек жараны кармалып, дагы бирөөсү изделип жатканын «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров тастыктады. Бул Орусиядагы кыргыз жарандарын өлтүрүүгө байланышкан жыл башынан берки тогузунчу окуя.(SM)

XS
SM
MD
LG