Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Орусияда ушул аптада өтүүчү президенттик шайлоону утурлай Эл аралык мунапыс уюму жарандардын ой-пикир билдирүү, чогулуу, жыйын куруу укуктарынын өлкөдөгү абалын талдаган жаңы отчетун жарыялады. Отчеттун тыянагына караганда, адамдын бул фундаменталдык негизги үч укугу тең Орусияда акыркы жылдары кескин кыскарды. Мындан карапайым тургундар менен катар ириде адам укук коргоочулар, көз карандысыз бейөкмөт уюмдар, саясий оппоненттер жабыр тартууда.

Эл аралык мунапыс уюмунун жаңы доклады "Орусия федерациясы: ой-пикир билдирүү эркиндигин чектөө" деп аталат. Анда өлкөдө акыркы жылдары укук коргоочулар, көз карандысыз уюмдар менен маалымат каражаттары жана бөлөкчө көз караш үчүн мейкиндик кыскарып жатканы айтылган. Мындан улам, докладдын авторлорунун пикиринде, жеке адамдар менен маалымат каражаттары үчүн сын айтуу барган сайын кыйындоодо. Эл аралык мунапыс уюмунун Орусия боюнча иликтөөчүсү Виктория Вебб "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде "мейкиндиктин кыскарышы" деген түшүнүк орусиялыктар үчүн эмнени туюндурары тууралуу буларды белгиледи:

-Биз муну демонстрация өткөрүү укугунун чегинде, биз мунун бейөкмөт жана коомдук уюмдардын ишин тескеген мыйзамдардын чегинде,биз муну башка, маселен, экстремизмге каршы күрөшүү өңүдүү мыйзамдардын каалагандай колдонулуп жатышынын чегинде карадык. Биз ошондой эле бийликтерди ушул маселелерге көңүл бурууга жана аларды эл аралык милдеттемелерге ылайыкташтырууга чакыруудабыз.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү жаңы мыйзам Орусияда 2006-жылдан тарта күчүнө кирген. Анын бир шартына ылайык, мындай уюмдар юстиция министрлигинен катталган соң өз ишмердиги тууралуу бийликтерге такай отчет берип турушу керек. Докладда ошол мыйзамдын бейөкмөт уюмдардын ишине тийгизген таасири кеңири талдоого алынган.

Кабарчыбыз менен болгон маегинде Эл аралык мунапыстын өкүлү Виктория Вебб андан ары төмөнкүлөргө токтолду:

-Биз соңку жылдары акырындык менен бара – бара ой-пикир билдирүү, чогулуу жана жыйын куруу укугу кыскарганын көрдүк. Бул чектөөчү мыйзамдарды ишке киргизүүнүн жана алардын аткарылышынын шартында болду. Мыйзам белгилүү бир уюмдарга, жеке адамдарга карата каалагандай колдонула алат. Мисалы демонстрациялар жөнүндөгү мыйзам адамдардын тынч жыйындарга чогулуу укугун чектөө менен аяктады. Өзгөчө бул былтыркы парламенттик шайлоодо байкалды жана азыр биз көрүп жаткандай, президенттик шайлоодо да ушул көрүнүш уланууда.

Албетте, орус бийликтери эл аралык уюмдардын жогорудагыдай ырастоолору менен макул эмес. Президент Путин баштаган расмий өкүлдөр демократия менен адам укуктарынын жактоочусу экенин жана Батыш буга окшогон маселелерди Орусиянын эл аралык иштердеги таасирин азайтуу максатында колдонуп жатканын айтып келет. Путиндин мураскери, ушул жекшембидеги шайлоодо жеңип чыгары анык болуп турган Дмитрий Медведев жакындагы форумдардын биринде сүйлөгөн сөзүндө эркиндик Орусия саясатынын негизин түзүшү керектигин айтып чыккан эле:

-Биздин саясаттын негизинде жашоонун жогорку стандартына жетүүгө умтулган ар бир мамлекеттин иши үчүн өтө маанилүү деп эсептелген принцип жатышы керек. Ал принцип – эркин эмеске караганда, эркиндик жакшы.

Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Виктория Веббдин айтымында, Орусиядагы жарандык эркиндиктердин абалы тууралу коңгуроо каккан отчеттун президенттик шайлоону утурлай жарыяланышы да бекеринен эмес. Алар жаңы президент буга чейин орун алган багытты өзгөртөт деп үмүттөнөт. Чын эле Путиндин доорунда кыскарган адам укуктары, Медведевдин доорунда кеңейеби? Муну убакыт көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG