Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

9:37 Массалык маалымат каражаттарынын атоолорунун энциклопедиялык сөздүгү түзүлдү


Бул тууралуу аталган сөздүктүн редакциялык кеңешинин төрагасы Тилектеш Ишенкулов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, алфавиттик тартип менен жайланышкан бардык туюнтмаларды, сөздөрдү атоолорду, терминдерди, басма сөз, радио угузуу, теле көрсөтүү тармагындагы, электрондук журналистика кыскасы жалпы эле массалык маалымат каражаттары менен массалык коммуникалык каражаттарда кезиге турган бардык түшүнүктөр камтылды. Кыскасы бир жарым миңге чейинки жаңы атоолор заманбап тизмелөөгө алынды. Булар Кыргыз улуттук энциклопедиясынын алты томдугуна киргизилет. Андан бөлөк жалпы атоолорду өзүнчө китеп кылып чыгарууга аракет кылам. Азыр каражат издеп жатам, дейт Ишенкулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG