Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

ЖАЗГЫ ТАЛАА ЖУМУШТАРЫ КЕЧИГИП ЖАТАТ


27-февраль күнү кыргыз өкмөтүндө жазгы талаа иштерине даярдык маселелери талкууланып, быйылкы кыштын создугуп жатканына байланыштуу айдоо, эгүү иштери жылдагыдан жарым ай кечигип баштала тургандыгы белгиленди. Баарыдан мурда быйыл буудайды арбын камсыздоо мерчемделүүдө.

Быйыл жазгы талаа иштерин кечиктирбей баштоо мерчемделип келгендиги баарына белгилүү. Бирок 27-февраль күнү кыргыз өкмөтүндө болгон жыйында жазгы талаа иштери кыйла кечигип башталары жарыя болду. Ал тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскар Сагымбаев кеп кылат:

- Дайыма биринчи баштачу Ноокен, Карасуу, Араван райондорунун аңыздарында азыр бир карыштай кар жатат. Бул күндөү аталган райондордо картөшкөлөрдү олтургузуу, күздүктөрдү кошумча азыктандыруу кызуу жүрүп калчу эле. Аргасыздан 15 күндөй кеч баштоого туура келип атат жазгы талаа иштерин.

Былтыр күзүндөгү дан азыктарынын кымбаттоосунан улам азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоолор көрсөтүлгөн. Бюджеттен 200 млн. сом айыл чарба техникаларын сатып алууга, 30 млн. сом минералдык жер семирткичтерди сатып алууга, 100 млн. сом айыл банкы аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген кредит берүү үчүн, 20 млн. сом үрөн сатып алуу үчүн бөлүнгөн. Андан сырткары 10 миң тонна күйүүчү май камдалып коюлган.

Ошол акча бөлүнгөн багыттардын ичинен, маселен, 30 млн. сомго минералдык жер семирткич сатылып алынып, Кыргызстандын урунттуу жерлерине жеткирилип коюлган. Учурда аларды алыш үчүн документ толтуруп-тапшыруу иштери жүрүп жатат. Мындай мамлекеттик камкордук эгемендүүлүк жылдарында болгон эмес дешет. Ошол эле кезде бул минералдык жер семирткичтер таптакыр жетишсиз, болгону республика боюнча жалпы керектөөнүн 3 пайызын түзөт экен.

Ал эми үрөн менен камсыздоо да мамлекеттик камкордукка алынып жатат делген менен, бөлүштүрө келгенде, ал үрөнчүлүк чарбалардын ишинин илгерилешине огожо боло албастыгын Карасуу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Абдымиталип Кочкорбаев белгиледи.

Өткөн жылы Кыргызстанга Кытайдан 1205 даана айыл чарба техникасы келген. Кийин бюджеттен бөлүнгөн 200 млн. сомго 300 даанадан ашык МТЗ үлгүсүндөгү тракторлорду Белорусиядан Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүүдө. Ал май айына барып ишке ашышы мүмкүн. Азыр деле айыл чарба техникалары айрыкча чоң маселе экендигин Жалалабат облус губернаторунун орунбасары Жаныш Курбанов жашырганы жок:

- Бизде азыр деле айыл чарба техникаларынын 50 пайыздан ашыгы те 80-70-60-жылдарга таандык. Ырас, өткөн жылдары комбайндарды, Кытайдын тракторлорун сатып алдык. Соко маселеси дыйкандарда өтө оор. Колго жасап алган соколору 10 сантиметр эле жерди аңтарып – агро эрежелер сакталбай калууда.

Өткөн күздөгү дан азыктарынын кымбаттоосунан улам быйылкы жазгы талаа иштеринде айрыкча буудайга басым жасалат. Былтыр буудай республика боюнча 360 миң гектар аянтка себилсе, быйыл 40 миң гектарга көбүрөөк себүү Өкмөт жыйынында аныкталды. Ошондо баарысы 400 миң гектар аянттан буудай чогултулат. Жан башына 204 кило буудай зарыл деп табылган. Демек 1 млн. 65 миң тонна буудай алыш керек. Гектарынан өткөн жылдагыдай түшүм алынса – дагы деле 250 миң тонна буудайды сырттан таап, ташып келиш керек болот. Кыргызстан үчүн бул – чоң маселе.

XS
SM
MD
LG