Борбор Азиядагы Америка университети уюштуруп жаткан бул иш-чарада жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатын, натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси көтөрүлмөкчү. Илимди өнүктүрүүдөгү ар бир окуу жайдын жеке тажрыйбасы, ыкмасы талкууланат. 13-мартка белгиленген жыйын соңундагы андагы материалдар Америка университетинин илимий журналына жарыяланмакчы. (EBM)