Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

ТАЛАНТТУУ КАРДИОХИРУРГДУ КАЙСЫ КАРА ТЕКЕ СҮЗДҮ?


Фатима Абдалова Операция үчүн оорулуулардан алган 473 миң сомду алып качып кетти болуп аткан хирург Улукбек Халиков дале издөөдө. Акчасын берген оорулуулардын операция чыгымын ал эмгектенген Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча улуттук борбору көтөрүүдө. Улукбек Халиков акчаны алып чын эле качып кеттиби же бир кырсык болдубу?

Медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы кардиохирург, 3 баланын атасы Улукбек Халиков Кыргызстандын кардиохирургия тармагында 20 жыл эмгектенип, соңку 2 жыл ичинде жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борборунун профсоюз комитетин жетектеп келген.

Улукбек Халиков акча менен качып кетти болгон учурда аталган борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов иш сапары менен Түркияда болчу. Улукбек Халиковду чогуу иштеген жамааты жаман ойго кыйбай турганын борбордун директору Калдарбек Абдраманов белгиледи:

-Таланттуу кардиохирургдардын бири. Борбордо үч көзгө басар хирург болсо, ошолордун бири Улукбек Халиков эле. Мага тушүнүксүз да ушул жигиттин ушундай ишке барышы. Мен чынында күткөн эмесмин мындайды бул жигиттен. Мындай ишке бармак түгүл, бирөөгө катуу сүйлөгөн адам эмес эле. Мен кээде ойлоп кетем, деги бул бала аман-эсен бар болду бекен деп... Балким кырсык болуп кеттиби, биз аны биле албайбыз. Андыктан алдын ала бирдеме деп айтыш кыйын.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук борборунда операция баалары бир киши үчүн 12 миңден 150 миңге чейин. Борбордун ар бир кабатында операцияга буйрулган оорулуулар үчүн “Акчаңыздарды кассага төгүңүздөр” деп жазылып турат. Бирок ага болбой көпчүлүк оорулуулар хирургдун чөнтөгүнө сала койгонду жакшы көрүшөт:

-Элдин менталитети боюнча бир проблема бар. Мисалы, айрым оорулуулар мындай деп келишет: мүмкүн акчаны өзүңүздүн эле колуңузга берип койсом болбойбу? Көңүлүм тынчырак болот эле...дешет. Эми бул кыргыздын менталитети. Хирургдун колуна акчаны кармата койсо эле операция жакшы болчудай көрүшөт. Айрыкча айылдан келген элде ушундай психология бар. Биз элди көндүрө албай жатабыз, - деди Калдарбек Абдраманов.

Борбордо жаңы жылдын алдында жана жаңы жылдан кийин 10 күнчө операциялар жасалбайт. Так ошол мезгилде хирург Улукбек Халиков операция жасата турган 5 оорулуудан баары болуп 473 миң сомду акчалай колуна алган.

Эл арасында Улукбек Халиковдун ушул 473 миң сом акчаны алып качышына ишенбөөчүлүк бар. Алардын бири Улукбек Халиковдун жубайы Эркайым:

-Биз деле ишене албай эле отурабыз. Тааныгандар деле мындайга барбайт эле, балким уурдатып койдубу же бирөөгө алып бердиби деп жатышат. Ушунча жыл өз эмгеги менен таза иштеп келаткан адам ушундай ишке барарына ишенбейм. Күтүп атабыз. Эч кабар жок.

Улукбек Халиковду издөөнү Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтканы боюнча Улукбек Халиковдун атайылап качканы ырас:

-Биз текшерип жатканда, ал ошол жерде жүргөн да. Биз аягына чейин текшерип бүтүп, биздин балдар кармаганга келгенде ишке келбей коюп атпайбы. Мурунку күндөрү жүргөн. Биз азыр Кыргызстан боюнча жана КМШ өлкөлөрү боюнча ырасмий издөө жарыяладык.

Операция үчүн сарпталчу акчаны Улукбек Халиковго берген 5 оорулуунун төртөөнүн операция чыгымын Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борбору көтөрүп, операциялар ийгиликтүү аяктап, оорулуулар үйлөрүнө чыгып кетишти. Бир оорулуу азыр реанимацияда. Анын операция чыгымын да Борбор көтөрмөкчү.

Сөзүнүн аягында Жүрөк хирургиясы Улуттук борборунун директору Калдарбек Абдраманов кардиохирург Улукбек Халиковго байланышкан бул окуя жамааттын иш маанайына тескери таасирин тийгизгенин жашырбады:

-Эки айдын ичинде 7-8 оорулууну жоготуп алдык. Мындай болгон эмес эле бизде. Эки жыл ичинде эки айда бир же эки абалы оор оорулуу көз жуумп калып аткан ... Мына кечинде да эки оорулууну жоготуп алдык. Кайгырып отурабыз. Мындай абал жамааттагы маанайдын пасайып кетишинен болуп жатат.

XS
SM
MD
LG