Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

11:45 Султан Урманаевдин иши боюнча сот жараянында күбөлөр көрсөтмө берүүдө


Аксы окуясы боюнча Жалалабатта өтүп жаткан Бишкек шаардык гарнизондук аскер сотунда бүгүн ЖК эл өкүлдөр жыйнынын мурдагы депутаты Тойгонбек Калматов көрсөтмө берип 26-февралда 12 адамдан турган делегация Аксыга эл менен жолугушууга барар алдында ИИМдин ошол кездеги министри Темирбек Акматалиев, анын орун басары Садырбек Думанаев, президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Аманбек Карыпкулов экс-губернатор Султан Урманаевге телефон чалышып Аксыга барбоосун талап кылышканын айтты. Кийин 15-мартта эл менен жолугушууга Кербенге барган Урманаевди Карыпкулов телефон менен кайра чакыртканын укканын белгиледи. Сотко жабырлануучулар жана алардын адвокаты катышкан жок. Себеби алар сот Аксыда өтсүн деген талап коюшкан. Ал эми кечээ күбө катары Темирбек Акматалиевдин көрсөтмөсү окулуп, ал дагы Карыпкуловдун тапшырмасы менен Урманаевди Аксыга барбоосун өтүнүп телефон чалганын билдирген.Бул тууралуу Жалалабаттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов кабарлады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG