Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) дүйнөдө кургак учуктун дары-дармекке моюн бербеген - MDR TB кесели мурда болуп көрбөгөндөй күч алып жатканын тынчсыздануу менен белгилөөдө. БУУнун жакында эле жарык көргөн баяндамасында кургак учуктун бул түрү боюнча кырдаал айрыкча мурдагы советтик өлкөлөрдө курч экендиги баса айтылат. Адистер муну бул өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасынын начарлашы менен түшүндүрүүдө.

БУУнун соңку баяндамасында белгиленгендей мультирезистенттик туберкулез, же башкача айтканда, ар кыл дары-дармекке моюн бербеген кургак учук Орусия, Украина, Молдова, Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүндө көп катталып жатат.

Мисалы, Бакуда кургак учук менен катталгандардын төрттөн бири дал ушул мультирезистенттик туберкулезго чалдыккандар. Молдовада болсо бул көрсөткүч кургак учук менен ооруган ар бир бешинчи адамга туура келет.

Адистер постсоветтик аймактагы бул көрүнүш саламаттыкты сактоо системасынын начарлашына байланыштуу деп түшүндүрүшүүдө. Анткени кургак учук менен ооругандарга өзгөчө медициналык кароо талап кылынат. Постсоветтик өлкөлөрдө медициналык көзөмөл керектүү деңгээлде жүзөгө ашырылбай келет.

Ал арада улам күчтөнүп жаткан кургак учуктун дарыга моюн бербеген түрүн ооздуктоо кыйынга туруп жатат. Ошентсе да Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, доктор Пол Нанн (Nunn) сакайуу мүмкүнчүлүгү бар дейт. Бирок анын белгилөөсүндө өкмөттөр буга олуттуу мамиле жасашы зарыл.

-Бул абдан кыйын нерсе. Мен резистенттик кургак учукка диагноз коюу жана аны дарылоо он эсе оор экендигин айтып жатам. Бирок муну ишке ашырса болот. Мисалы, мындан 11 жыл мурун мындай кургак учук боюнча эң эле кооптуу деп эсептелген Балтика өлкөлөрү азыр бул оорудан арыла алышты. Демек кыйын болсо да муну ишке ашырса болот.

Доктор Нанндын айтымында, постсоветтик аймакта мультирезистенттик кургак учуктан дарылануу акысы бир миңден төрт миң долларга чейин барышы мүмкүн. Андан толук сакайыш үчүн эки жылдай убакыт талап кылынат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй бул оору менен күрөшсө болот дейт. Эгер өз алдынча күрөшүүгө кудурети жетпей бараткандар болсо, БУУ мындай өлкөлөргө каржылык жардам көрсөтө алат. Бул тууралуу билдирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, доктор Пол Нанн БУУнун СПИД, кургак учук жана безек ооруларына каршы глобалдык кору ар кыл сунуш программаларга ачык дейт.

Башка КМШ өлкөлөрүнөн байыраак келген Орусия жана Балтика өлкөлөрү кургак учукка каршы өз алдынча аракеттер көрө алаары түшүнүктүү. Ал эми Кыргызстан өңдүү жакырыраак өлкөлөр кургак учук менен күрөшүүдө кайра эле эл аралык жардамга муктаж. Анткени өлкөдө бул өңүттө абал кыйла курч. Расмий түрдө кургак учук менен ооруган кыргызстандыктардын саны алты миң киши делет. Бирок жергиликтүү серепчилер иш жүзүндө бул көрсөткүч алда канча көп экенин белгилеп келишет.

Өзгөчө абакта отуруп бул дарттан каза тапкандар Кыргызстанда арбын. Маселен, кыргыз укук коргоочуларынын билдирүсүндө 2005-жылы абактагы 500 адам кургак учуктан каза тапкан.

Айтмакчы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учук абактагылар менен баңги затын колдоонучуулар арасында эле жайылууда деп эсептөө туура эмес дейт. Анткени кургак учукту күнүмдүк турмушта деле жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Cүрөт gazeta.aif.ru интернет баракчасынан алынды

Элен Куленбекова, Прага
XS
SM
MD
LG