Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:11

Амирбек Усманов, Прага Президент Сапармурад Ниязов бийликте турган жылдары анын айкелдери, калдайган сүрөттөрү Түркмөнстанда көп кездешчү. Ага амалдарлар “Түркмөнбашы” деп кайрылып, “Рухнамеге” шилтеме жасаганды парз көрүшчү. Жаңы бийлик маркумдун эстелик-сүрөттөрүн акырындап алдырууда. Өкмөттүк мекемелердин төрүн президент Бердымухаммедовдун портрети ээлеп, ага Ниязов сыңары “Улуу көсөм”, “Саркар” деп кайрылуу жайылып барат. Ал эми гезиттер жаңы көсөмдүн накыл сөздөрүн аздектеп берчү болду.

Сапармурад Ниязов 21 жыл бийликте турганда пайда болгон анын эсепсиз айкелдери менен боз үйдүн бир капшытындай чоң портреттери акырындап алына баштады. Түркмөн жазуучусу Рахим Эсеновдун сөзүнчө, бир жарым жылдай илгери о дүйнө учкан Ниязовдун сүрөттөрү Ашхабадда жоголду:

- Ниязовдун портреттерин жолуктурбай калдым. Мен барып турчу оорукананын дубалдарын анын сүрөттөрү жаап турар эле. Алар азыр жок. Бирок көчөлөрдө анын айкел-эстеликтерин алиге көрөсүз.

Түркмөн өкмөтүндөгү белгисиз калууну каалаган булактын “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысына айтышынча, бардык өкмөттүк жана коомдук мекемелерге Ниязовдун портреттерин, накыл сөздөрү жазылган тасма-тактайларды алып салуу буйрулган. Ал эми Ниязовдун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук валбта-манат бир-эки жылда жаңы акчага алмашат.

Ошол эле учурда Бердымухаммедовдун сүрөттөрү илинүүдө. Көрсөтмөгө ылайык, жаңы президенттин портрети сыртка эмес, кеңсенин ичине гана илинүүгө тийиш. Андай бир окуя тууралуу “Азаттыктын” Лебар дубанындагы кабарчысы билдирди:

-Жаңы окуу жылынан башында Ниязовдун портретин алып салып, анын ордуна Бердымухаммедовдун портретин илгиле деген көрсөтмө болгонун биздин мектептин директору айтып берди. Мындай көргөзмө аймактык агартуу бөлүмүнөн түшкөн.

Байкоочулар түркмөндөр акырындап Ниязовдун ордуна Бердимухаммедовду пир тутууга үйрөтүлөт деп кооптонушат. Ниязовдун өзү сүрөт-айкелдери көчөлөрдө турганын сүйбөсүн, бирок эл каалагандан улам, жок дебегенин айтып калчу. Бирок “Эгер мен жумушчу болуп, президентим мага Түркмөнстандагыдай түркүн нерселерди берсе, анын сүрөтүн желкеме же кийимиме тартып алмакмын”, - деп кошумчалап койчу.

Ниязов ошентип “Токтоткула!” деп кесе айтпагандан, анын улам жаңы портрет-айкелдери жасалып, элеси акча, атүгүл арак, жуурат жана башка тамак азыктарынын бетине түшүрүлүп, амалдарлар ага “Сардар” же “Улуу көсөм” деп кайрылышчу. Мындай изат азыр Бердимухаммедовго көрсөтүлө баштады.

Ырас, Түркмөнбашы Ниязовдун Ашхабаддагы алтын айкели али да Жер менен жарыша айланууда.
XS
SM
MD
LG