Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

14:30 БУУнун аялдардын абалына арналган жыйынына кыргызстандык өкүлдөр катышууда


Бириккен улуттар уюмунун аялдардын абалы боюнча комиссиянын элүү экинчи сессиясында аялдарга карата зордук-зомбулуктуу азайтуу боюнча 2015-жылга чейинки глобалдык демилге башталганы маалым болду. Анда негизинен гендердик теңчилик боюнча улуттук саясат жана программа, куралдуу кагылыштарда аялдардын сексуалдык зомбулукка кабылуусун азайтуу сыяктуу олуттуу маселелер талкууланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 26-февралдан тарта башталган жыйынга Кыргызстандан президент администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат боюнча бөлүмдүн серепчиси О. Филиппова баштаган топ катышып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG