Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

ПРЕЗИДЕНТТИН ИНИСИ ЭРКИН ГЕЗИТТЕР МЕНЕН СОТТОШОТ


Президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин “Ар-намысыма жана атуулдук абийириме шек келтирди” деп сотко берди. Аты аталган гезиттер 2007-жылдын 21-мартында Асылбек Салиев 27 жаштагы Акбар Молдокуловду машине менен коюп кеткен болушу ыктымалдыгын баяндаган макала басып чыгышкан. Эми президенттин иниси сотто эки гезиттен жалган жалаа жапты деп 1 миллион сомдон, ал эми макаланын авторлорунан 500 миң сомдон талап кылары айтылууда. Ал эми гезит жетекчилери алар баскан макалада эч кандай бирөөнүн ар-намысына шек келтирген сөздөр жоктугун, бул жөн гана кысым болушу ыктымалдыгын айтып жатышат.

Жарандык коомчулук арасында президенттин жакын тууганы Асылбек Салиевдин оппозициялык маанайдагы “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин сотко бергендиги туурасында кеп-сөздөр күч ала баштады.

Президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев доо арызы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылып, сот бул ишти кароону 4-мартка белгиледи.

Ал эми мындан бир жыл мурда 27 жаштагы Акбар Молдокулов аттуу жаранды машина менен коюп кеткен адам Асылбек Салиев болушу ыктымалдыгын жазган эки гезиттин жетекчилери, жаш уланды сүзүп кеткен “Хундай-Соната” маркасындагы унаадан президенттин инисине таандык бюмдар табылганы чын экендигин, бирок гезитте кайсы бир адамды айыптаган, жалаа жапкан бир да сөз жок экендигин айтып жатышат. Ошол себептүү доогердин бир миллион сом талап кылуусу негизсиз дешет.

“Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова мындай дейт:

- Эгерде мен Асылбек Салиевдин ордунда болсом, ушундай бир макала чыгып калса, анда мен оболу тергөөчүгө барып кызыкмакмын. “Ай, менин аты-жөнүм ушундай бир гезиттерде аталып атат, бул эмне болгон иш эле, байкуш жанагы бала эмне болуп каза болуптур?” деп тергөөнү алга жылдырганга көмөк кылмакмын. Менимче ал бизди сотко берүү менен президенттин абройуна көлөкө түшүрүп атат. Бир миллион дептир, биз соттошсок, бизди миллион сом эмес жүз сомго да жыга албайт.

“Алиби” гезитинин редактору Рыскелди Момбековдун айтымында, бул жерде “ар-намысыма шек келтирди” деген жүйө менен эркин гезиттерге кысым көрсөтүү аракети болуп жатат:

- Сотко берүүнүн негизги себеби бул эмес, негизгиси кысым деп эле эсептейм. Бул жерде кандай сот болгон күндө деле ар-намысына доо кете турган эч кандай негиз жок, биз болушу ыктымал деп атабыз. Муну коюп кетти же кылмышкер деп атаган эч ким жок.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин баамында, эркин гезиттерди сотко берген адамдын президенттин жакын тууганы болуп жатканы көп нерседен кабар берип турат. ”Бизде ансыз да эркин маалымат каражаттары аз”,- дейт Марат Токоев:

- Бул гезиттер оппозициялык маанайдагы гезиттер болуп атат да. Бизде ансыз да мындай маанайдагы гезиттерди кысымга алып келатышат. Мамлекеттик гезиттерди сотко берген фактылар дегеле жок. Бизде бейтарап басылмалар жокко эсе болсо да, жок дегенде көп пикирдүүлүк болуп турганы жакшы.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Жаныш Бакиевдин кеңсесине да байланышып, доогер Асылбек Салиев менен сүйлөшүүгө болгон аракетибизден азырынча майнап чыккан жок.

Ал эми айрым медиа эксперттер болсо бул маселени ырбатпай эки тарапты өз ара сүйлөшүп, маселени сотсуз эле бүтүрүүгө чакырып жатышат. Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков мындай дейт:

- Бул жерде сөзсүз түрдө сотсуз, сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай эми көп учурда боло берет. Менин оюмча, сүйлөшүү жолу менен бүтсө, эки тарапка тең утуш болуп эсептелинет.
XS
SM
MD
LG