Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

Мээрим Султангазы, Ысыккөл Учурда климаттын өзгөрүшү илимий далилденген факт. Бирок аба ырайынын өзгөрүшүнүн кесепеттери жер жүзүндө кандай таасирин тийгизээрин азырынча так айтуу кыйын. Адистердин жоромолдоруна ылайык аба ырайынын жылышы мөңгүлөрдүн ээришине, ал эми анын кесепеттери көптөгөн өлкөлөр суу астында калуу коркунучуна алып келет. Жер жүзүндө климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Мына ушул маселе учурда Ысыккөлдө ББУнун колдоосу менен өтүп жаткан жыйында талкууланып жатат.

Адистер Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен өзгөчө жапа чегиши мүмкүндүгүн айтышууда. Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла бийик жайгашкандыктан Борбор Азияда сууну токтотуучу мунара катары эсептелинет. Мөңгүлөр жана тоо чокуларындагы карлар жалпы регион үчүн стратегиялык суу ресурсу болуп саналат. Климаттын өзгөрүшү менен мына ушул ресурс коркунуч алдында турарын адистер байма-бай эскертип келишүүдө. Илимдер академиясынын суу маселелер боюрнча институтунун адиси Виктор Якимовдун айтымында, климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга, жалпы экологияга, өзгөчө өлкөнүн айыл чарбасына чоң кедергисин тийгизет:

- Жер жүзүндө аба ырайынын ысышы кандай гана болбосун Кыргызстанга да өз таасирин тийгизет. Өзгөчө айыл чарбасына таасирин тийгизет. Эң көйгөйлүү маселелердин бири бул Кыргызстанда гана эмес, дегеле дүйнө окумуштуулары жүз жылдан кийин климаттын өзгөрүшү кандай болоорун азыр так айта албастыгында турат. Анткени климаттын өзгөрүшүнө көптөгөн факторлор себепкер. Буга өз кезегинде дүйнө экономикасы кандай өнүгөт, анда кандай өзгөрүүлөр болот бул дагы өз таасирин тийгизет. Ошондой эле дүйнө жүзүндө абага ыргылтуучу көмүр кычкыл газынын көлөмү канчалык болот, бул дагы акыркы орунда турган жок.

Виктор Якимовдун белгилешинче климаттын өзгөрүшүнүн түздөн-түз таасирин Ысыккөлдүн суу деңгээлинин кескин түрдө өзгөрүшүнөн байкаса болот. Бирок көл деңгээлинин көтөрүлүп же төмөндөшүнө башка мыйзам ченемдүү факторлор да себепкер болушу мүмкүн. Айрым адистер эгерде Кыргызстанда аба ырайынын температурасы 5 градуска чейин көтөрүлсө, анда мөңгүлөрдүн баары ээрип, көлдүн, башка суулардын деңгээли көтөрүлөт деген жоромолдорун айтып келишет.

Виктор Якимов адистердин мындай билдирүүлөрүнө кошула албастыгын айтты. Ал температура 5 градуска чейин көтөрүлгөн күндө бардык мөңгүлөр ээрий албастыгын айтты. Болгону тоонун этек жагындагы мөңгүлөр гана ээрийт.

Климаттын өзгөрүшү адам баласынын кийлигишүүсү менен болуп жатабы, же бул мыйзам ченемдүү нерсеби, бул боюнча окумуштуулар бир пикирге келише элек. Анткен менен өнүккөн өлкөлөрдүн абага ыргыткан көмүр кычкыл газынын көлөмү өнүгүп жаткан мамлекеттердикинен бир кыйла жогору. Маселен, Нью-Йоркто жашаган 19 млн. адам өнүгүп келаткан 50 мамлекетте жашаган 766 млн. адамга салыштырмалуу көмүр кычкыл газынын изин тереңирээк калтырат. Кыргызстанда абага учуп аткан көмүр кычкыл газынын көлөмүн кыскартуу максатында ББУнун колдоосу менен Ысыккөлдүн Темир айылында биогаз чыгаруучу жабдык коюлду.

- Колдонгондон жарылат деп коркпош керек. Көралбаган ушакчылар бар. Зыяны жок, тескерисинче мунун калдыгы жер семирткич селитрадан да күчтүү экен. Жаратылышка, бактарга да бул жакшы. Мени каз дегенинен, мен казып даярдап койдум. Башында ишенген эмесмин, анан ширенке чагып чай кайнаганда ишендим. Азыр баары жакшы, - дейт жергиликтүү тургун Кылыч Асанов.
XS
SM
MD
LG