Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

17:30 27-февралда Жалалабатта Султан Урманаевге байланыштуу сот иши улантылды


Бүгүнкү сотто бир нече адам күбө катары көрсөтмө беришти. Экс-депутат Тойгонбек Калматов Урманаев Аксыга облустун 12 жетекчиси менен бармак болгондо президенттик администрация башчысынан тыюу алганын, бул тууралуу учурунда Аскар Акаевге да айткандыгын билдирди. Карыпкулов менен Урманаевдин тергөөдө беттешкенде берген көрсөтмөлөрү окулду. Ага ылайык, Карыпкулов губернатор Аксыга бараарда ОМОНдун 80 жоокерин сураган деп көрсөтмө берген, ошол маалда Аксыда жүргөн укук коргоочу Турсунбек Акунду район борбору же, бейтарап айылга чакырып сүйлөш деп табыштаган жана Урманаевдин мени каралагысы жана жоопкерчиликтен качкысы келип жатат деп айткан. Урманаев ОМОН сурамак тургай, облусту кыдырганда МАИнин коштоосунан баш тартканын билдирди. Сот эртеңкиге жылдырылды. Анда жарыш сөздөр сүйлөнүшү күтүлүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG