Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

18:22 А.Бекназаров: Үч кишини соттоо менен Аксы окуясы бүтпөйт


Султан Урманаевдин иши боюнча сотко катышкан мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Аксы окуясына байланыштуу учурунда козголгон үч кылмыш иши белгисиз себептер менен токтотулганын белгиледи. Ал учурунда президент Курманбек Бакиевге барып “Тайфун” операциясына кол койгонуна күбө катары өтүп коюңуз деп үч жолу өтүнгөндө, Бакиев макул деп барбай койгонун билдирди. Бекназаров “мени Бакиев Аксы окуясына байланыштуу ишти бүтүрбөйсүң деп бошоткон жок, ошол ишти аягына чыгарат деп бошоткон”,-деп айтты. Ал ошондой эле Башкы прокуратурада №147-иш жана Үмөталиевдин иши жабык бойдон жатканына токтолуп, азыр айыпталып жаткан үч киши менен эле Аксы окуясы бүтпөстүгүн, жоопко Аскар Акаевден баштап райондун акимине чейин тартылганда гана бүтөрүн баса белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG