Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

АКШ МЕНЕН ЧЕХИЯ РАДАР ОРНОТУУ ЖӨНҮНДӨ ДЭЭРЛИК МАКУЛДАШЫШТЫ


Вашингтон менен Прага америкалык антиракеталык радар системасын чех жергесине орнотуу боюнча келишимге кол коюу багытында дагы бир кадам ташташты. Шаршембиде Вашингтондо президент Жорж Буш менен Чех жумуриятынын өкмөт башчысы Мирек Тополанек жолугушту. Анда бул жаатта эч кандай расмий документке кол коюлбаганы менен, лидерлер тактала турган бир эле нерсе калды деп билдиришти.

Чех премьери Тополанек радар системасын жайгаштыруу маселеси чечилүүнүн алдында деди:

Бардыгы эле келишимге жетишилдиби деп кызыгышат. Дагы 3 эле сөз такталууга тийиш. Кээде бир эле сөздүн мааниси өтө чоң болот, ал баарын алмаштырып кое алат. Бирок биз тактай турган маселе анча маанилүү эмес жана тез эле чечилет.

Тополанектин айтымында, Чехия АКШга айлана-чөйрөнү коргоо стандарттары өтө так болушу керек деген талабын койгон. Эки өлкө жетишилген келишим Чех жумуриятынын парламенти тарабынан ратификацияланууга тийиш.

АКШнын пландарына ылайык, Чехияга радар станциясы, ал эми кошуна Польшага антиракеталык 10 жабдык орнтолумакчы. Буш администрациясы система АКШ жана НАТО өлкөлөрүн Түндүк Корея же Иран өңдүү мамлекеттерден коргоону көздөйт деп ырастоодо.

Орус президенти Владимир Путин системанын чыныгы максаты – Россия деп эсептейт жана ал Чыгыш Европага жайгаштырылса, польшалык ракеталар бутага алынат деп эскерткен.

Кечээки жолугушууда Буш – радар системасы орустарга каршы багытталбайт деп ишендирди:

Россия бейпилдикке коркунуч туудурбайт. Экстремисттик идеологияга берилген, эркиндикти сүйгөн адамдарга каршы курал колдонууга кудуреттүү режимдер тынчтыкка коркунуч жаратышат. Жана антиракеталык система ошол өлкөлөрдөн коргонууну көздөйт.

Польша менен сүйлөшүүлөр болсо уланып жатканы менен, былтыр ноябрда өлкөнүн өкмөтү алмашкандан бери бир аз жайлап калды. Прага Кошмо Штаттары менен келишим түзүү аракеттерин Варшава менен координациялап туруу ниетин билlирип келген.

Америкалык Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Том Кейси поляктар менен сүйлөшүүлөр алга жылууда деп билдирди:

Бир нече апта мурун мамлекттик катчы Кондолиза Райс жана Польшанын тышкы иштер министри Радислав Сикорски АКШдагы жолугушуусунан кийин бул маселени коомчулук алдында сөз кылышкан. Сүйлөшүүлөр уланып жатат, келишим 50, 75 же 99 процентке бүткөрүлдүбү, айта албайм. Бирок олуттуу алга жылуу бар.

Бул маселе НАТОнун апрелдин башында өтчү саммитинде талкууланат деп күтүлүүдө. Бухаресттеги жыйынга президент Буш да катышмакчы.

Сүрөт www.mk.ru интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG