Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

19:40 Жергиликтүү соттордун судьялары жана Бишкек шаардык соттун төрагасы дайындалды


Президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү жардыгы менен Марат Султанов жергиликтүү соттун судьясы кызматтан бошотулуп, беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык соттун төрагасы болду. Эрланбек Токтосунов, Кымбат Архарова, Жылдызкан Турумбекова беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттун судьялыгына дайындалып, Э. Токтосунов Жалалабат облусунун Аксы райондук сотуна, Кымбат Архарова Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна, Жылдыскан Турумбекова Ысыккөл облусунун Ысыккөл райондук сотуна жиберилди. (EBM)

XS
SM
MD
LG