Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

29-февралда өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын академик-окумуштуулары ушул илимий мекеменин президентин шайламакчы. Учурда Улуттук илимдер академиясында 43 академик, алтымыштан ашуун мүчө-корреспондент жана бир миң алты жүздөн ашуун кызматкер иштейт. Айрым окумуштуулар заманга жараша Улуттук илимдер академиясын реформалоонун зарылдыгын айтып жүрүшөт.

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Дүйшө Кудаяровдун айтымында, академиянын уставына ылайык жетекчиликти беш жылга шайлоо мөөнөтү келгендигине байланышуу президенттикке бир гана талапкерди өкмөт жетекчилиги көрсөтөт. Эгерде ошол талапкер шайлоого катышкан академиктердин 51 пайыз добушун албай калса, анда кайра шайлоо башка күнгө белгиленип, кайрадан академиктердин гана катарынан бир талапкерди өкмөт башчысы көрсөтөт.

Улуттук илимдер академиясынын президенти шайлангандан кийин ушул мекеменин жалпы чогулушу болуп, жетекчилик беш жылда аткарган иш-аракеттери тууралуу отчет берет.

Улуттук илимдер академиясынын мурдакы президенти, академик Турат Койчиев өлкөдө илим тармагына жакшы көңүл бурулбай келатканын сынга алып, заманга жана доорго жараша илимий мекемени реформалоонун зарылдыгын белгиледи.

Өлкөдө илим-билимдин өнүгүшүнө салым кошкон Улуттук илимдер академиясынын түптөлүшүнө белгилүү окумуштуу Константин Скрябиндин салымы зор болгон. (1943-1952-жж.)



Ал эми Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алгачкы президенти медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев бул илимий мекеменин калыптанышына үлүшүн кошкон. (1954-1960-жж.)



Андан кийин бул илимий мекемени 18 жыл бою академик Курман-Гали Каракеев башкарып, бир катар илимий институттардын ачылышына себепкер болгон. (1960-1978-жж.)



Андан кийин академик Муса Адышев бир жылдан ашуун жетекчи болгон. (1978-жылы)



Муса Адышевден кийин бул илимий мекемени сегиз жыл математик Мурзабек Иманалиев жетектеген. (1979-1986-жж.)



Улуттук илимдер академиясын эки жыл башкарган академик Николай Лавровду академик Аскар Акаев алмаштырып, өлкө жетекчиси болгонго чейин үч жыл ушул мекемени башкарган. (1988-1991-жж.)



Акаевден кийин дагы үч жыл Улуттук илимдер академиясына тоо механикасы тармагындагы ири адис Илгиз Айтматов президент болуп турду. (1991-1993-жж.)



1993-жылдан 1997-жылга чейин өлкөнүн башкы илимий мекемесин академик Турар Койчиев жетектеди. (1993-1997-жж.)



Улуттук илимдер академиясын кийинки жети жыл маркум академик Жаныбек Жеенбаев башкарып турду. Академик Жаныбек Жеенбаев катуу оорудан кийин былтыр 27-апрелде каза болгон. (1997-2007-жж.)



Учурда президенттин милдетин мурдакы вице-президент, химия илимдеринин доктору, академик Шарипа Жоробекова аткарып келүүдө.

Айрым маалымат каражаттары билдиргенине караганда президентке бир гана окумуштуунун талапкерлиги каралууда. Буга чейин президенттин милдетин аткарып келген Шарипа Жоробекованын талапкерлигин окумуштуулардын кароосуна өкмөт жетекчилиги коюп жатышканы маалымдалууда. Илимдер академиясынын окумуштууларынын жыйынында жаңы президентке талапкерди вице-премьер-министр Нур уулу Досбол сунуш кылаарын өкмөттүн басма сөз кызматы да ырастады.

Сүрөттөр www.nas.aknet.kg интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG