Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

КРЕМЛГЕ УСТАТ ЧАПКАН ЖОЛ МЕНЕН...


Орусиянын жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү президенттик шайлоосуна саналуу күн калды. Шайлоо президент Владимир Путиндин мураскери, орус өкмөтүнүн азыркы биринчи вице премьер-министри Дмитрий Медведевдин жеңиши менен аяктары күтүлүүдө. Медведев устаты Путин сыяктуу эле мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербургда туулуп өскөн, кесиби боюнча юрист, 43 жашта. Бул болочок президенттин айрым бир белгилүү жактары, белгисиз жактары кайсылар?

Орусиянын болочок президентинин бала–чагы ал кездеги Ленинграддын чет жакасында көп кабаттуу үйлөрдөн турган кунарсыз райондордун биринде өткөн экен. Маалыматтарда Дмитрий Медведевдин окутуучулук менен алектенген ата-энеси болгону 40 чакырым метр келген батирде жашаганы айтылат. Медведев өзү да үй–бүлөсү ачка калбаганы менен советтик орто катмардагы калктын сүйүктүү жайы – Кара деңиздин жээгинде күнгө күйүп, эс алуу мүмкүнчүлгү такыр болбогонун эскерген жайы бар.

Ал окуган 305–мектепке Санкт-Петербург метросунун эң акыркы станцияларынын бири – Купчинодон ары автобус же тройллебус дагы 15 аялдама жүрүп жетүүгө болот. Медведевдин болочок жубайы да ушул мектепти бүтүргөн. Айланасынын баары көп кабатуу, бозомтук үйлөр.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул райондогу жагдай мындан 30 жыл мурдагыдан анчалык деле өзгөргөн жок. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Хлое Арнольд менен жолуккан жергиликтүү пенсионерлердин бири ал аймакты мындайча мүнөздөдү:

-Дароо эле айтайын, Купчино район катары жаман. Уйкуда калган район. Өнүгүү жок, наркомандар көп. Жакында метро келет деп айтышууда.

Мектептеги курагы ошондогу Ленинграддын ушул Купчино районунда өткөн Дмитрий Медведев 1987–жылы Санкт-Петербург университетинин укук факультетин, 1990-жылы аспирантурасын бүтүрүп, окутуучулук кесип менен алектенет. Анын мурдагы студенти, азыр университеттин окутуучусу Сергей Белов өз агайын кабарчыбыз менен болгон маегинде төмөнкүчө эскерди:

-Ал сабакка кызыктырууга өтө жөндөмдүү болчу, себеби анын өзүнө кызык экени көрүнүп турчу. Студенттер кайсыл бир окутуучуларды азыраак, экинчилерин көбүрөөк урматтайт. Биз аны абдан урматтачыбыз. Факультетке кечинде келчибиз. Иш күн аяктагандан кийин лекцияны угуу чынында кыйын. Бирок анын лекцияларын жакшы кабыл алчыбыз.

Ошентип университеттеги окутуучулуктан кийин 1991-жылы Санкт-Петербургдун шаардык администрациясына чакырылып, тагдырдын буюругу ал жерде азыркы президент Путин менен чогуу иштешип, бара - бара дос болуп калган Дмитрий Медведевдин кийинки кызматтык тепкичтери устаты менен тыгыз байланышта.

1999-жылы Путин премьер-министр болгондо өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары, кийин шайлоо штабынын жетекчилигине дайындалат. Путин президенттикке шайланган соң кайра эле аны администрация башчысынын орун басары жана буга кошумча өлкөнүн эң ири ишканасы – "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагалыгына алып келет.

2003-жылдын октябрында "ЮКОС" компаниясынын кожоюну Михаил Ходорковский камалганда, Орусиянын чоң кызматтарынын бири эсептелген президенттин администрация башчылыгынан Александр Волошин чегинип, ордун Дмитрий Медведев басты.

2005-жылы Путин аны өкмөттүн биринчи вице-премьерлигине которуп, улуттук деп эсептелген төрт долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жүктөдү. Ошондон тартып эле Медведев Путиндин ыктымал мураскерлеринин бири деп атала баштаган.

Орусиянын азыркы жана болочок президенти гана эмес, дегеле учурдагы саясий элитанын көбү Санкт-Петербургдан чыккандар. Алардын мүнөзүндө башкалардан айрымачылык барбы? Санкт-Петербург университетинин саясат жана психология кафедрасынын окутуучусу Владимир Васильев жогорудагыдай ойлору менен бөлүштү:

-Питерликтер дайыма сабырдуу жана тынч мүнөзү менен айрымаланчу. Петербургда башка баардык шаарлардан өзгөчөлөнүп, коомдук транспортто эч качан кыйкырып сүйлөшпөйт. Питерликтердин мүнөзүндө кандайдыр бир көтөрүңкүлүк да бар. Андыктан, алар Орусиядагы бийликке келгенде бул өзгөчөлүктөр өз ролун ойногонун айтып коюу керек. Себеби президент Ельцин менен президент Путин ортосундагы айрыма өтө чоң.

Ага катар саясат жана психология боюнча адис Владимир Васильев президенттик кызмат Дмитрий Медведевдин өзүн гана эмес аны бийликке алып чыккан жана эми премьер-министр болууга ниеттенип жаткан устаты Путин менен мамилесин чындап сыноочу учур экенин да белгиледи:

-Бийлик адамды кыйлага өзгөртүүгө жөндөмдүү. Өзгөчө ал колго кокустан тийип калганда. Президент менен өкмөт башчысынын биринчи орун басары кызматтары ортосундагы аралык, карапайым жаран менен өкмөт башчынын орун басарлык кызматы ортосундагы аралыктан бир топко чоң.

Ошентип, Орусиядагы бул жолку президенттик шайлоонун жыйынтыгы күн мурунтан эле белгилүү болгону менен болочок президенттин кичи мекени - Санкт-Петербургда өнөктүктү бойкоттого ниеттенгендер да бар экен. Былтыр бул жердеги жергиликтүү шайлоого катышуусуна тыюу салынган "Яблоко" партиясынын мүчөсү Михаил Амосов кабарчыбыз Хлое Арнольдго буларды билдирди:

- Мага азыр биз менин өспүрүм кезимдеги доорго кайтып келгендей сезилет. Советтер союзунда да шайлоо өтүүчү. Анда шайлоо бар, бирок тандоо жок деген учкул сөз айтылчы эле. Биздин сунуш мындай: же шайлоого катышпа, же бюллетенди булгап, чийип сал, же баарына бирдей добуш бер. Бир сөз менен айтканда муну менен талапкерлерге карата мамилеңди, алардын бири да тигил же бул шайлоочунун добушуна татыксыз экенин түшүнгөндөй кылып билгизүү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG