Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

7:19 Бишкек шаар соту бүгүн СДПнын 20 миллион сом төлөө боюнча сот чечимине каршы арызын карайт


Былтыр 11-декабрда Бишкек райондор аралык соту башкы прокуратуранын СДПга каршы доо арызын канааттандырып, партияны мамлекетке 20 миллион 238 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Былтыр декабрдын башында БШК шайлоо бюллетенин интернетке жарыялап, анын купуялыгын бузду деген негизде партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловду шайлоо тизмесинен четтетип, башкы прокуратура ага мамлекетке чыгым алып келди жана БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген негизде кылмыш ишин козгогон. Эдил Байсалов болсо ошол күндөрү өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайта элек. Партия жетекчилиги бул иште анын эч кандай күнөөсү жоктугун айтып келет. (SM)

XS
SM
MD
LG