Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Бадри Патаркацишвли акыркы сапарга узатылды


Грузияда кечээ оппозиция лидери, белгилүү бизнесмен Бадри Патаркацишвилини акыркы сапарга узатуу каадасына бир нече миңдей адам катышты. Грузиялык эң бай адам эсептелген маркум Патаркацишвилинин сөөгү Тбилисидеги ага тийиштүү чоң имарат алдына көмүлдү. 52 жаштагы бизнесмен, президент Саакашвилинин башкы оппоненти эки жума мурдараак Лондондогу үйүндө капилет каза тапкан. Британ полициясы маркум киши колдуу болгонуна далил таппаганын, бирок токсикологиялык экспертизанын жыйынтыгы кийинчерээк маалым болорун айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG