Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

12:30 Мамлекеттик айыптоочу Султан Урманаевди 10 жылга кесип, мүлкүн конфискациялоону соттон сурады


Жалалабад шаарында болгон Бишкек гарнизондук сотунунун көчмө отурумунда мамлекеттик айыптоочу Аксы окуясы учурунда Жалалаабад облусунун губернатору болгон Султан Урманаевге ушундай жаза коюуну сурады. Бирок Урманаев буга кескин каршы чыгып, Аксыга барбай калганы үчүн эле кызмат абалынан ашыра пайдаланган деген катаал берене менен айып коюу туура эместигин, Аксы окуясынын чыгуусуна Азимбек Бекназаровдун камалашы себепкер болгонун белгиледи. Сот тараптардын сөзүн угуп бүттү. Өкүмүн келерки жумада угузаары кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыктын» Жалалабаддагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG