Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Ж.ТУРДУКОЖОЕВ: БАЙСАЛОВДУН СҮТТӨЙ АК АДАМ БОЛГОНУНА ИШЕНЕБИЗ


Бүгүн Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча кассациялык арызын караганы жатат. Сот партиянын мойнуна шайлоо бюллетень чатагына байланыштуу БШКнын кызыкчылыгы үчүн 20 млн. сом салган болчу. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, кесиби боюнча юрист Жыргалбек Турдукожоев жооп берди.

-Парламенттик шайлоо бюллетень чатагы боюнча 20 млн. сом айыпты СДПнын мойнуна салынышын албетте партия негизсиз деп эсептеп жатат. Башкы прокуратура тескерисинче партияны айыптоодо. Юрист катары сиз жагдайды кандай баалайсыз?

-Албетте бул жерде СДПК партиясына кетирилген деп айтылып жаткан 20 млн. сомду коюунун эч кандай укуктук, мыйзамдык негизи жок. Себеби ошол бюллетендерди ачыкка чыгарды, интернет сайтына киргизди деген СДПКнын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун аракетинде эч бир Кыргызстандагы колдонуп жаткан бир дагы мыйзам бузуу аракети болгон эмес.

Ошол эле администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдын жоболору, ошол эле шайлоо кодекстин жоболору, башка укук актыларынын нормалары бузулган эмес. Ошондуктан бул бюллетендерди сайтка жарыялап койду, анан анын атынан шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылды деп, Эдил Байсаловду жоопко тартабыз, укуктук жоопкерчиликке чакырабыз дегени бул мыйзамга ылайык келбеген иш деп эсептейбиз.

-Жыргалбек мырза, шайлоо бүттү, азыр СДПКнын бир топ мүчөлөрү парламентте отурушат. Эгерде сиздердин көз карашты эсепке алганда, эгерде атайын саясий кызыкчылык менен жасаса, бийликте кандай максат бар эле? Ушинтип сиздерге жалаа кылып, же болбосо айыпка жыгыштын кандай кызыкчылыгы бар эле?

-Албетте бул укуктук иш болбогондуктан бул саясий куугунтук, саясий гана максатты көздөгөн акты деп эсептөөгө толук негиздер бар. Ошондуктан биз кезегинде билдирүүлөрдө эле айтып чыкканбыз, саясий чоң парламенттик шайлоо учурунда конструктивдүү оппозиция деп эсептелген СДПКны шайлоодон четтетип коюу максатын көздөгөн дагы бир иш болгон. Муну ачык эле моюнга алыш керек. Бирок албетте “Ата мекен” сыяктуу партиялар менен катар мандатты бербей койгонго бийликтин кудурети дагы, даремети дагы жеткен жок.

-Азыр эми партиянын Эдил Байсаловго карата мамилеси кандай болуп жатат? Эдил Байсалов менен кабарлашуу мүмкүнчүлүгү барбы? Байсалов азыр чет өлкөдө жүрөт деп угабыз, ал азыр кайсы жакта?

-Эдил Байсаловдун кайда жүргөнү жөнүндө менде так маалымат жок. Бирок биздин партиянын жетекчиликтери байланышып турганын айтып атышат. Биз дагы эле СДПКнын мүчөсү катары анын сүттөй ак адам экенине толук ишенебиз. Аны коргогонго даяр экенибизди айтып келатканбыз. Бирок мен өз жеке пикиримди айтканда, эмнегедир биздин СДПКнын жетекчилиги тарабынан укуктук чараларды көрүү жагы анча жакшы болбой жатат. Албетте бул өкүнүчтүү нерсе.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG