Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27
Эски парламент куйрукка тебилди. Ордуна “чоң ложка” келди. Өкмөт алмашылды. Авторитардык режим орноду. Жаңы шыпыргылар ошентип жаңыча шыпыра баштады. Тилекке каршы экономикада кенедей да жандануу байкалбайт. Ошол эле Атамбаевдин тушундагы таз кейпибизден жанбай кедерибизден кетип барабыз. Бир жарым ай мурун жаңы келген И.Чудинов Казакстандан 40 миң тонна эгин сатып алуу үчүн казынадан акча бөлгөнүн айткан менен эгин ташып келүүнү мындай кой, казак тарап менен эмгиче келишим түзүлбөптүр, сүйлөшүүлөр жаңы башталган имиш. Кыргыз мыкчыгерлери антип ыңгыранып үстөлүнөн көчүгүн көтөргөнчө Казакстандын айылчарба министри Акматжан Есимов: “Марттан баштап дан эгиндерин экспорттоого чектөө киргизебиз” деп билдирди. Андан мурдараак Орусия дан эгинин КМШ өлкөлөрүнө сатуу баасын 40 пайызга көтөргөн болучу. Бул арада буудайга болгон дүйнөлүк баа 8 пайызга жогорулаганын эларалык маалымат агенттиктери кабарлай баштады деп жазды бүгүнкү “Аалам” гезитине анын баяндамачысы Үсөн Касыбеков “Жаңы шыпыргылар, жаңы шыпырындылар” деген макаласында.

Гезит мындан тышкары парламенттик шайлоонун алдында экс-депутат, мыкты банкир Муратбек Мукашев миллион доллар берип “Асаба” партиясына кошулам деп чыккан, бирок бийлик “Асабадан” баш тартсаң банкыңа тийбейбиз деп алдап, бөлүп кеткен. Бирок баары бир шайлоо бүтөрү менен банкына чабуул жасады. Эми мурдагы Жогорку Кеңештеги айтылуу бригаданын мүчөсү, экс-депутат Акматбек Келдибеков да А.Бекназаровдун “Асаба” партиясына көз артып жаткан имиш, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков Транспорт жана коммуникация министринин 1-орунбасары болуп дайындалат экен, президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов кызматынан кетип, анын ордуна баягы эле Маммүлктүн жетекчиси Турсун Турдумамбетов, администрация башчысынын азыркы орунбасары Замир Бекбоев жана экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги каралып жаткан экен деген имиштерден турган маалыматын таратты.

“Жаңы ордо” гезити Республиканын финансы полициясы “Кара-Суу Дан азык” ишканасына кылмыш ишин козгогонун, финполициянын билдиргенине караганда аталган ишкананын кызматкерлери жасалма документ менен капсалаң күндөргө деп катылган матрезервдеги баасы 748 миң сомдук 115 тонна унду ап деп сугунуп койгондугун маалымдады. Гезит ошондой эле “оозду ачырган Осмонакун” деген рубрика алдында “Де-факто” гезитинин эки санына Аскар Акаев жөнүндө жазып чыккан Осмонакун Ибраимовдун макаласына каршы Жапар Кадырмырзаев аттуу автордун макаласын басты.

“Жаңы кылым” гезити ишмердигине тыйуу салынганына карабастан Кыргызстанда “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик партиясынын аракети айрыкча жанданганын, бөлөк-бөтөн элдердин диний идеяларын таңуулап үгүттөгөн даабатчылардын барган сайын көбөйгөнүн, жалаң мечиттер жана башка диний мекемелерди куруу, диний окуу жайларын ачуу күчөгөнүн, түркүн-түс жамынган чет элдик диний миссионерлер өлкөнү каптап баратканын, мектеп окуучулары менен студенттердин арасында динге тартылган жаштардын катары күн санап арбый баштаганын... бирок мына ушулардын баарын көрүп-билип туруп Кыргызстандын тиешелүү кызматкерлери дымып жатканын баяндады.

“Агым” гезитинин “Бомбейкат” рубрикасына кат жазган элеттиктердин ойлоруна кайрылалы. Кадамжай шаарчасынын тургуну Абдинаби Назарбаев: “Эй, Кыргыз! Саткындардан сак бол! Бизде чиновниктер акча үчүн элин, жерин, кала берсе энесин да сатканга даяр. Мамлекеттин кен байлыктары менен ГЭСтерин өкмөт чет элдик инвесторлорго берип, үстүндөгү парасын алып, акырын жең учунан сатып жиберишсе, анда кыргыз эли кулга айланды дей бер” деп жазса, “Аксынын Дерес деген айылы райборбордон 60, айыл өкмөтүнөн 100 чакырым алыс жайгашкан. Өзбекстан менен чектешкендиктен союз убагында коңшу өлкөдөн суу да, электр энергиясы да берилип турчу. Эгемендикке ээ болгондон бери бул айылдын 200 түтүндөн ашууну жарык, байланыш, таза суу тургай сугат суусуна зар болду. Октябрь айында айылдын чок ортосуна темир бочке орнотуп, ар бир бүлө миң сомдон чогултуп, суу толтуруп ичип келебиз. 25 тонналык бочкедеги суу март, апрель айларында айный баштайт. Айла жок кайнатып ичебиз. Өзбектер кааласа берет, каалабаса суусун бууп, жарыгын өчүрүп таштайт”, - деп жазат Аксыдан Бактыкан Ажымаматова.

“Апам өлүп, салт боюнча Көкжарга коюлат экен, ошенттик. Бейитине берилген жер үчүн Көкжар айыл кеңешине 5 миң сом, көр казгандарга 5 миң сом төлөдүк. Аларга ыраазычылыктан башка айтарым жок. Бирок үч суроо койгум келет. Биринчи, алакандай көрдү кыргыз өз жеринде 5 миң сомго сатып алганы туурабы? Экинчи, апабыз согуш убагында оорукта иштеген. Бүлүнгөн чарбаны бутуна тургузушкан. Өмүр бою иштеп 2-топтогу майып болуп калды. Бул адамдын согуш ардагерлерине теңеле турган укугу барбы? Үчүнчү, 1969-жылдан бери Төкөлдөштө жашайбыз. Аялым да ушул жерде туулуп-өскөн. Төкөлдөштүн бүгүн 90-95 пайызын уйгур калкы түзөт. Эмне үчүн биз ошол уйгурлар сыяктуу “Төкөлдөш айлынын тургуну” деген ырасмий статуска ээ эмеспиз? Же кыргыз болгонубуз үчүнбү?” деп жазат Бишкектин Төкөлдөшүнөн Асанбек Касымалиев аттуу адам.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG