Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

17-МАРТТА АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ЭЛДИК СОТ ӨТКӨРҮЛӨТ


Жаннат Токтосунова, Бишкек 2002-жылдын 17-мартындагы Аксыдагы “кандуу жекшембинин” жабырлануучуларынын атынан Момунбек Четинбаев, Анарбай Үмөталиев, Айжигит Бейшебаевдер элге кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда: “2002-жылдын 17-марттагы кандуу жекшембинин күнөөкөрлөрү жаап-жашырылып, алардын күнөөсү такталбай келүүдө. Анын ордуна экинчи катарда турган адамдар кылмыш жообуна тартылып, элди алдоо аракети жүрүүдө. Кылмышкерлерге азыркы бийлик тарабынан тынымсыз колдоо корсотулуп, аксылыктар өздөрү күнөөлүү деген саясат жүргүзүлүп жатат. Андыктан аксылыктар: 2008-жылдын 17-мартында, кыргыз элинин салтына ылайык, Аксы окуясы боюнча элдик сот өткөрүүнү чечип, алты жылдан бери айтылып, суралып, бирок сот жообуна тартылбай келе жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Аксы окуясын териштирүү боюнча парламенттик комиссиясы 2007-жылдын сентябрь айында чыгарган корутундусунда, Аксы окуясына айыптуу кылмыш жообуна тартылыш керек деп көрсөтүлгөн А.Акаев, К. Бакиев баш болгон 42 адамдардын айыбын элдик сот аркылуу тактоону суранышат”, - деп айтылат.

Аксылык жабырлануучулар элдик соттун курамын түзүүнү А. Эркебаев башында турган коомдук парламенттен суранып, ар бир областтан үчтөн кадырлуу атуулдарды элдик соттун курамына мүчө катары кабыл алынышын өтүнүшөт.

“Парламенттик комиссия тарабынан шектүү деп аталган 42 адамды 2008-жылдын 17-мартында Аксыга элдик сотко жактоочулары менен келип, акталып алууга мүмкүнчүлүк берилет. Аксы окуясы боюнча коомдук комиссиянын торагасы Т. Тургуналиевден, акыркы парламенттик комиссиянын төрагасы Д. Садырбаевден, Аксылык жабырлануучулардын соттогу өкүлдөрү Т. Исмаиловадан, А. Абдирасуловадан, аксылыктарды жактап жаткан жактоочу С. Жайчыбековдон элдик сотто коомдук айыптоочу катары катышып берүүнү суранабыз.

Мындан сырткары Кыргызстандын президенти К.С.Бакиевден жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы А.Алиевадан мындан ары Аксы окуясы боюнча бардык кылмыш иштерди кароону токтотууну суранабыз. Биз ар бир шектүүнүн коопсуздугун камсыздап, элдик соттун бардык чечимдери менен макул болобуз”, - деп айтылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG