Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

16:35 Бишкек шаардык соту СДПК партиясынын апелляциялык арызын канааттандырган жок


Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын 20 миллион сом доосун 4 миллион сомго кыскартты. Бул тууралуу партиянын адвокаты Галина Скрипкина билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы 16 миллион сом зыян тарткандыгы боюнча гана документтерди бере алган. Ошондуктан сот бүгүнкү отурумунда СДПК партиясын мамлекетке 16 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Бирок биз бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко кайрылабыз, деп белгиледи Галина Скрипкина. Белгилүү болгондой Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Эдил Байсалов шайлоо бюллетендерин интернетке жарыялап, анын жашыруун сырларын бузду деп БШК сотко кайрылган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG