Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

16:42 Россиядагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн БШКнын мүчөлөрү жөнөп кетти


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат башчысы Кудайберди Базарбаев билдирди. Анын айтымында, БШКнын төрайымы Клара Кабилова башында турган БШКнын төрт мүчөсү бүгүн Москвага жөнөп кетти. Алардын айрымдары Россиядагы президенттик шайлоого КМШ атынан, кээ бирөөлөрү ШКУнун байкоочулары менен биргеликте байкоо жүргүзөт. Албетте Кыргызстан БШКсы атынан да байкоочу болот, деп белгиледи Базарбаев. Россияда президенттик шайлоо 2-мартта болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG