Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

МУРАСКОРЛОР “МУУНУ” КМШга ДАГЫ ТАРАЙБЫ?


Орусияда 2-мартта өтө турган президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышат. Алардын ичинен азыркы президент Путин мураскорум деп атаган Дмитрий Медведев сөзсүз жеңет деген ойлор кыргыз коомчулугунда да бекем. Бирок Путиндин мураскорду жердештеринин арасынан табышы Орусияны көп жагынан ээрчиген Кыргызстанга терс таасир берет деген пикирлер да арбын.

Орусиядагы президенттик шайлоодо азыркы президент Путиндин тарбиясын көргөн Дмитрий Медведев эле утуп, мамлекет башына келет деген ишеним кыргыз коомчулугунда чынында бекем. Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин баамында, ага Путин мураскор атаган Медведевди Орусиянын өкмөтү менен парламентинин толук колдоп жатышы жана Кремлдеги саясатчылардын бир командабыз деген багыты башкы себеп:

- Орусияда саясат маданияты өтө жогорку деңгээлге көтөрүлүп жатат. Андан кийин булар бир идеянын айланасына бириккен жана Орусиянын келечегин ойлогон бир команда болуп жатат.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо Медведевдин жеңишке жетерине Путиндин буга чейин жүргүзгөн саясаты менен анын жеке аброю жол ачып турат деген ойдо. Бирок Медведев бара-бара Путиндин гана саясатын жүргүзгөн кол бала президент болот деген божомол ишке ашпайт деп, ага макул эмес:

- Орусиядагы саясий туруктуулук жана экономикалык өнүгүү Путиндин аты менен байланышкан. Ошон үчүн Путиндин кадыр-баркы абдан күчтүү. Ушундан улам Медведевдин жеңээрине ишеним чоң. Бирок андан кийин ал Путиндин марионеткасы болот деп божомолдоп жаткан батыштык жана башка өлкөлөрдөгү саясат талдоочулардын пикирине мен макул эмесмин. Убагында Путинди деле Ельциндин марионеткасы болот деп айтышкан болчу. Бирок Путин өз башы менен эле иштеп, оюн ишке ашырып азыркы деңгээлге жеткирди.

Анткен менен кыргыз коомчулугунун бүйүрүн Владимир Путиндин Санкт-Петербургдук жердеши жана бирге иштеген жакшы таанышы Дмитрий Медведевди президенттик тактыга жетелеп келиши катуу кызытып турат. Саясат талдоочулардын бир даары Путиндин бул чечими мыкты тандоо болду дешсе, бир даары Орусиянын айрым саясаттарын талбай туураган Кыргызстанга терс таасир бербей койбойт деп күмөн санашууда.

Путиндин тандоосун жактырган саясатчылардын бири, экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун баамында, бул жердештиги үчүн эле сокур тандоо болгон жок, бул жерде Медведевдин ишмердиги менен кесипкөйлүгүнө баа берилди. Анткени күч структурасынан келип, Орусияга кандайдыр бир деңгээлде тартипти орноткон Путиндин мураскору Медведев эми кесипкөй юрист катары мыйзамдуулук жана мыйзам алдындагы жоопкерчиликти жогорулатууга багыт алат дейт:

-Анткени Медведев юрист катары мыйзамдуулукту күчөтөм деп жатат. Либералдык баалуулуктарды Орусияга алып келиш үчүн адамдын ички дүйнөсү жана коомчулук бышып жетилиш керек. Менимче, анын ою ишке ашат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ал эми “Улуу Биримдик” саясий партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев мурдагы совет өлкөлөрүнө таасири күч Орусиядагы окуялар Кыргызстанда толук кайталанат деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Себеби азыркы кыргыз саясатында ишке ашып жаткан жалгыз бир адамдын бийлигин бекемдөө, авторитардык көрүнүштөрдү күчөтүү сыяктуу окуялар ошол Орусиянын колдоосу жана түрткүсү менен болуп жатат.

Бирок Путин башкарган мезгилде Орусия “Хьюман Райтс Уотч” сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары адам укугун коргоо, сөз эркиндиги, демократия принциптерин төмөндөттү деп баа берип келишет. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков батыштагы уюмдардын мындай баасына макул эмес. Анын оюнда, андай баалар экономикасы өркүндөп, саясаты бекемделип бараткан Орусиянын эл аралык кадар-беделин төмөндөтүү үчүн атайылап жасалган аракеттер:

- Мындай бааларды чоң трагедия кылыштын кереги жок. Анткени Орусиянын күчтүү болушун каалабаган тышкы жана өлкө ичиндеги саясатчылардын атайылап жасаган аракеттери. Орусиянын өнүгүшүнөн коркуп, аны бөлүп-жарууга жана аны ичинен оору кылууга аракеттенген агымдар өтө көп. Чет өлкөлүк уюмдардын андай баалары экономикасы начар мамлекеттерди сырттан башкарып туруу үчүн жасалат. Алар президенттерди канча жаманатты кылбасын, адамдын жашоо деңгээли экономикалык өнүгүү менен гана ченелгендиктен эч негизге ээ болбой калат. Менимче, Путиндин курсу уланат жана ал туура. Путиндин сегиз жыл өзү түзгөн багытын башка бирөөгө өткөрүп берип жаткандыгы атуулдук эрдик экендигин да белгилей кетүү керек.

XS
SM
MD
LG