Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

18:25 Бүгүн С.Урманаевге байланыштуу кылмыш иши боюнча жарыш сөздөр сүйлөндү


Жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик айыптоочу Жамила Туражанова Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы губернатор Султан Урманаевди кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү боюнча айыптуу деп тапты. Ал Бишкек гарнизондук аскер сотунан үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен Урманаевди 10 жылга эркинен ажыратуу жагын сурады. Анын белгилешинче депутат А.Бекназаров камалгандан кийин аны бошотуп алуу талабы менен нааразылык акциялары болуп турса да, Султан Урманаев президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкуловдун тыюусунан улам Аксыга барган эмес. Урманаев мындай айып менен макул болгон жок. Ал адам өлүмү менен коштолгон Аксы окуясы губернатордун нааразы болгон элге жолукпагандан эмес, Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөрт деген элдин талабы аткарылбагандыгынан келип чыккандыгын айтты. Окуяны изилдеген мамлекеттик комиссия жана бир да адам аны айыптуу деп атабаганын, моралдык жаза катары губернаторлук кызматтан дароо кетип, курман болгон балдардын үйүнө барып куран окутканын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG