Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

18:36 Ошто баңгизаттарын мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды


29-февралда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиянын тартип коргоо жана атайын кызматтары баңгизаттарын мыйзамсыз ташуу маселесин Ошто талкуулашты. Укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын өкүлдөрү Борбор Азия чөлкөмү аркылуу маңзаттарды ташуу жана андан ары КМШ өлкөлөрүнө жайылтуу бизнеси акыркы жылдары өрчүп кеткендигине кабатырланып, кеңешме убагында кризистен арылуунун жол-жоболорун талкуулашты. КМШнын уюшкан кылмыштуулукка жана башка мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун директорунун орунбасары Наиль Галимжанов, маңзат бизнесине уюшкан топтордон тышкары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин да аралашып кеткендиги өзгөчө коркунуч туудуруп жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары ушундай жоруктарга бөгөт коюу максатында биргелешип иштөөнү, укук коргоо органдарынын наамын булгаган офицер, генералдардан токтоосуз арылууну сунуш кылды. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG