Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Түркиянын Түндүк Ирактагы операциясы бүткөн-бүтпөгөнү тууралуу карама-каршы кабарлар келүүдө


Түркиянын күрд согушкерлерине каршы түндүк Иракта жүргүзүп жаткан операциясы бүткөн-бүтпөгөнү тууралуу карама-каршы кабарлар келип түшүүдө.
Франс пресс маалымат агенттиги Түркия чектелген санда аскерлерин Ирак аймагынан алып чыга баштаганын билдирди. Агенттик муну күрд жумушчу партиясынын басма сөз өкүлүнө шилтеме берип кабарлады. Рейтер агенттиги да Ирактын тышкы иштер министрине таянып, Түркия аскерлерин кайтарып жаткандыгын жазып чыкты. Бирок Анкара азырынча бул тууралуу ырасмий маалымат бере элек. Мурдарак Түркия Ирак менен чектеш аймагына кошумча аскерлер жөнөтүп жаткандыгы кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG