Бул чечимди өлкөнүн президентик кеңеши кабыл алды. Ал-Мажид Ирактын мурдагы өлкө башчысы Саддам Хусейн менен аталаш тууган. Ал 1980-жылы ирактык күрддөргө каршы геноциддик иш-аракеттери үчүн айыпталып, былтыр өлүм жазасына өкүм кылынган. Бирок аны дарга асуу сот чечими өткөн жылы Ирак президенти Жалал Талабани менен анын эки орун басарынын колдоосун тапкан эмес.