Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Амирбек Усманов, Прага Соңку мезгилде Кошмо Штаттар жөнүндө кеп болгондо экономика рессецияда же артка кетүүдө деген сөзгө катар “стагфляция” деп да көп айтылчу болду. Стагфляция - экономикадагы өсүш жок абалды мүнөздөгөн “стагнация” жана акчанын наркы качкан “инфляция” деген эки сөздүн туундусу. Мындай жагдай дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде АКШда 1970-жылдары болгон. Кээ бир серепчилер ошол стагфляция дагы келдиби деп кооптонушат.

“Стагфляция” деген сөз экономика дымып, стагнация жана инфляция өкүм сүрүүдө дегенди билдирет. Экономика ошентип төрт аягына туралбай көтөрүм болуп калганда Борбордук банктардын түйшүгү көбөйөт. Сөз Ирландия улуттук университетинин окутуучусу Алэн Ахернеде:

- Экономика алсырап турганда инфляция өзүн эркин сезет же төмөндөй баштайт да Борбордук банкты пайда төлөмүн азайтууга түртөт. Банк инфляцияга шарт жок деп, төлөмдү азайтат. Бирок экономика дымып турганда инфляция өсчү болсо, Борбордук банктын колу байланат. Себеби банк бир эле учурда инфляцияны ооздуктап, экономиканы активдештирүүсү зарыл. Бир жагынан инфляциянын бийик деңгээли төлөмдөрдү көбөйтүүгө түртөт. Экинчи жактан чабал экономика кредиттин төлөмүн азайтууну талап кылат. Бул жагдайда Борбордук банк эмне кылыш керек?

Бир жылдары АКШнын Борбордук банкында иштеген Алэн Ахерне айткан жагдай Кошмо Штаттарда 1970- жылдары да болгон. Анда инфляция 10 проценттен ашып, жумушсуздук көбөйгөн, экономика өспөй төмөндөгөн. Ал жылдары стагфляция дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө катар өнүгүү жолундагы өлкөлөрүн да белден алган. Бул макроэкономикада инфляция жана стагфляция чогуу келбейт деген англис экономисти Жон Кейнстин тарапкерлеринин теориясын жокко чыгарды.

2007-жылдын акыркы үч айында АКШнын экономикалык өсүүсү аксап, 1 процентке да жетпеди. Ал эми ушу жумада дүңүнөн сатылчу товарлардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 7, 5 процентке чейин кымбаттады. Соңку 25 жылда Кошмо Штаттарда дүң баа мындай секирген эмес.

Бир баррель же 159 литр мунайдын наркы 103 долларга серпип, керектөөчүлөрдү ого бетер чочутту.

Берегидей абал америкалыктарды керектөөнү азайтууга мажбурлап, өлкөгө стагнация келдиби деген кооптонуулар да күчөдү. Алэн Ахерне чочулоо жөндүү экенин айтат:

-Коркунуч бар. Биз стагфляциянын алгачкы белилерин көрдүк. Мунайдын баасы көтөрүлүп, инфляцияга түрткү болду жана керектөөчүлөрдүн сатып алуусун азайтып, экономикалык өсүү төмөндөдү. Азыр да мунайдын наркы бийик. Бул отун энергиясынын баасын көтөрүп, жалпы инфляцияга жана сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кыскартууга алып келди.

Мындай катаал шартта АКШ өкмөтү экономиканы стимулдаштыруу үчүн 170 миллиард доллар бөлдү. Борбордук банк болсо киреше кайтарымын сентябардан бери 2 процентке төмөндөттү. Банктын төрагасы Бен Бернанкенин айтымында, кайтарым дагы азайтылышы мүмкүн.

Бирок Борбордук банк ишенимдүү аракеттенип жаткандыктан, стагфляцияга жол бербейт, инфляция 1970-жылдардагыдай 10 проценттен жогору кетпейт, деп ишенет Алэн Ахерне:

- Монетардык саясат кечигип жүргүзүлүүдө. Акыркы алты айда АКШнын экономикасы үчүн көп иш жасай албаган Борбордук банк келерки жылы экономиканы бутуна койууга азыртан кам көрүүдө. Банктык кайтарымды кыскартуу иштеп жатып антибиотик ичкенге окшоп кетет. Бул бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Мунун баары 2009-жылы экономиканы бутуна койуунун аракети.

Алэн Ахерненин пикирине кошулбаган экономистер да арбын. Америкалык илимпоз Аллан Мелтзер Борбордук банкты “1970-жылдардагыдай эле акылы кемдик кылууда” деп сындады. Мелтзер жана анын тарапкерлеринин айтымында, АКШнын Федералдык банкынын кайтарымды кыскартуусу долларды дагы арзандатып, инфляцияны күчөтөт.
XS
SM
MD
LG