Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдары Бээжин Олимпиада оюндарына даярдык жүрүп жаткан маалда Кытайда адам укугу жаатында абал начарлап жатканын сынга алууда. Кытай бул оюндарга даярдык учурунда жана Олимпиада оюндары өтө турган маалда эл аралык бардык нормаларды сактоо милдеттенмесин алган. Бирок кызыгы, дүйнөлүк саясий чөйрө лидерлери Кытайдагы адам укугу жаатында кыйын абалга көз жумду мамиле кылууда. Айрым серепчилер муну Кытайдын экономикалык кудуретине байланыштырып, Батыш өлкөлөрү ириде өз экономикалык кызыкчылыктарын ойлоп жатат дешүүдө.

Ушул айдын башында көрүнүктүү америкалык режиссер Стивен Спилберг Бээжин Олимпиадалык оюндарына камылга көрүүдө көркөм кеңешчи болуу сунушунан баш тартты.

Айтылуу «Юр доорунун паркы» жана башка тасмаларды тарткан Спилберг Кытайды Дарфурдагы кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн Суданга карата жетиштүү басым көрсөткөн жок деп сынга алды.

Адистердин айтымында, Кытай Судандан мунайзат сатып алып жана ага курал-жарак сатып келет. Ошондуктан, Бээжиндин Суданга таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Спилбергдин сыны Кытайдын дарегине айтылган нааразылыктардын бири гана десек болчудай.

27-февралда Нью-Йоркто жайгашкан Хьюман Райтс Уотч эл аралык укук коргоо уюму Бээжин Олимпиадалык оюндарына карата даярдыктарга шылтоо кылып, Кытай бийлиги адам укуктары жаатында көптөгөн мыйзам бузууларга барып жатканын билдирди. Мисал катары бул укук коргоо уюму бир ишкананын катардагы жумушчусу Янг Чанлиндин камакка алынышын келтирген. Чанлиндин болгон күнөөсү ал Олимпиадалык оюндар маалында адам укуктарын сактоого бийликти чакырган экен.

Эл аралык Мунапыс уюму жана Журналисттерди коргоого алган комитети дагы өлкөдө орун алып жаткан укук бузуу учурларын сынга алып келет.

Бирок дүйнөлүк саясий чөйрөгө келсек, ири мамлекеттердин лидерлери Кытайда орун алып жаткан бул көрүнүштөргө көрмөксөн мамиле кылгандай. Алалы, британ тышкы иштер министри Дэвид Миллибэнд Олимпиада оюндарына болгон көңүлдү башка маселелерге бурууга аракеттенип жаткандарды «аста» жемелеп өттү.

Бэжинде 28-февралда өткөн конференцияда ал адам укугу дайым тынчсызданууну талап кылган тема экенин айтып, бул Олимпиада оюндары өтчү жылы эле көтөрүлчү маселелерден эмес, туруктуу козголчу көйгөй экенин айтты:

-Биздин ишенимибизде, Олимпиада – бул Кытайдын жетишкендиктерин белгилөө мүмкүнчүлүгү. Бул - Кытайдын мээнеткечтик, тынч жол менен жалпы эл аралык коомчулук менен кызматташтыкты өрчүтүүгө берилгендигинин көрсөткүчү.

Кытай тышкы иштер министри Янг Цзечи катышкан ушул эле маалымат жыйынында Миллибэнд, ал тургай, Кытай менен Британия Африка өлкөлөрүн өнүктүрүү маселеси боюнча өнөктөш болсо деген оюн билдирди.

Янг Цзечи болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып маалымат жыйыны маалында Кытайга карата өнөктүккө каршы сөз айтып алды:

-Кытай адам укуктарын сактабай атат деп эл аралык коомчулук Олимпида оюндарын бойкоттойт деп мага айтпагыла. Бул чындыкка жатпайт,-деди кытай тышкы иштер министри.

Мурдарак АКШ президенти Жорж Буш Дарфурдагы кырдаал аны тынчсыздандырарын, бирок бул жагдай Олимпиада оюндарын токтотууга негиз эмес экендигин билдирген. Америка президенти Олимпиадалык оюндар ириде спорт экенин, эгер кинорежиссер Спилберг мындай деп эсептебесе, ал анын жеке укугу экенин айткан болчу.

Европа Биримдигине учурда төрагылык кылып жаткан Словениянын да Кытайга карата мамилесине кайрылалы. Словениянын спорт иштери боюнча министри Милан Звер «спортту саясий курал катары колдонуу үчүн ал абдан эле маанилүүлүк кылат» деген эле. Ал европалык атлеттерди Олимпиадалык оюндар маалында адам укугу темасын көтөрбөөгө чакырган. Мурдарак айрым спортсмендер Олимпиадалык оюндар өтчү август айында нааразылык иш-чараларын өткөрүшү ыктымал деген жоромолдор чыккан болчу.

Дегеле, дүйнө лидерлери Кытайга карата ашыкча сын айттыргысы келбегендей сыяктанат. Эмне үчүн чет элдик, болгондо да батыш өлкөлөрү Кытайдын чекесинен сылап жатат? Мүмкүн бул Кытайдын улам жогорулаган экономикалык кудуретине байланышту болуп жүрбөсүн?

Адистердин пикиринде, минтип ойлооого да негиз бар. Өткөн айда британ өкмөт башчысы Гордон Браун Кытайда болуп, эки өлкө ортосунда соода көлөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча келишим түзүлгөн.

Төрт жылга белгиленген бул макулдашуу 60 миллиард долларга тете деп бааланууда. Мындай шартта бул макулдашуунун ишке ашпай калуу ыктымалдыгы эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келбестиги айтпаса да түшүнүктүү да.

Калган башка Батыш өлкөлөрүнүн да Кытайга карата өз экономикалык кызыкчылыктары бардыгы шексиз. Анткени кубаттуу экономикага ээ Кытайды четке түртүп койгондон көрө, өздөрүнө пайда алып келе тургандай кылып аны менен кызматташуу алар үчүн алда канча пайдалуудай көрүнөт. Кытай бийлиги болсо быйылкы Олимпиадалык оюндары аркылуу дүйнөгө кубаттуу мамлекет катары ого бетер таанылууну көксөйт.

Элен Куленбекова, Прага
XS
SM
MD
LG