Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

АРМЕНИЯДА ПОЛИЦИЯ ОППОЗИЦИЯНЫН МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГИН КУУП ТАРАТТЫ


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек “Азаттык” үналгысынын армян кызматынын кабарчысынын маалымдашынча, 19-февралда өткөн президенттик шайлоодо оппозиция атынан талапкер болгон Левон-Тер-Петросян полиция тарабынан кармалып кетти. Маалыматтарга караганда ал өз үйүнө күч менен жеткирилди. Полиция менен митингдин катышуучуларынын ортосундагы кагылышуудан жаракат алгандар бар.

19-февралдагы президенттик шайлоодо өкмөт башчы Серж Саркисян утуп чыккан. Аны кызмат мөөнөтү бүткөн азыркы президент Роберт Кочарян да колдогон. Ырасмий маалымат боюнча, шайлоодо 53 пайыз добуш менен премьер-министр Серж Саркисян жеңген. Ал эми Тер-Петросян 21,5 пайыз гана добуш алган.

Оппозиция 19-февралда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы орой бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылуу менен мөөнөтсүз митинг уюштуруп келүүдө. Армян оппозициясы бүгүн түштөн кийин да кайра митингге чыгаарын билдирүүдө.

Армениядагы шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан 300дөй, дагы башка эл аралык бирикмелерден жүздөгөн байкоочулар көз салып турушту. КМШ жана Батыштын эл аралык байкоочулары Армениядагы шайлоодо айрым калпыстыктар болду, бирок жалпысынан ал демократиялык стандарттарга жооп берди деген бүтүмүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG