Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:55

Өтүп бараткан аптада Бишкек гарнизондук аскер соту дагы бир мурдагы мамлекеттик жооптуу кызматкердин ишин кароого киришкен учур катары тарыхта кала турган болду. Башкача айтканда, сот 27-февралда Жалалабаддагы көчмө отурумунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс губернатор Султан Урманаевдин ишин териштирүүгө киришти. Ал эми жабырлануучулар бийликтен ишеними кайтканын жарыялашып, былтыр парламенттик комиссия атын атаган 42 мамлекеттик кызматкердин күнөөсүн аныктоо үчүн келаткан 17-мартта Аксыда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/02/E1803892-F914-4F22-9A78-F76A87F4C922.asp элдик сот чакыруу тууралуу кайрылуу менен чыкты. “Апта окуясы” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын Бурулкан Сарыгулова даярдады.

Элмурза Сатыбалдиев жетектеген Башкы прокуратура былтыр Аксы окуясы боюнча жаңы кылмыш ишин козгоп, анын чегинде президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкуловго, Жалалабат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевге, облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго, ички иштер министринин орун басары Садырбек Дубанаевге, облустук ички иштер башкармалыгын башчысы Кубанычбек Токобаевге каршы кылмыш иши козголгон.

Алардын ичинен Кудайбергенов менен Токобаев сыноо менен беш жылга эркинен ажыратылып, Дубанаев акталган. Аманбек Карыпкуловдун иши ден соолугуна байланыштуу убактылуу токтотулган. Ошол кездеги депутат Султан Урманаевди жоопко тартууга Жогорку Кеңеш макулдук берген эмес. Баш прокуратуранын кайрылуусунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия Аксы окуясын иликтеп чыгып, экс-губернатордун кылмышын комиссия атаган ошол кездеги жоон топ мамлекеттик кызматкерлердин күнөөсүн аныктагандан кийин гана териштирүү зарыл деген бүтүмгө келген.



Парламент уруксат бербей койгону менен, Султан Урманаевге кылмыш негиздүү козголду деп эсептеген баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул кылмыш иши эртеби-кечпи караларын эскерткени бар.

Парламенттик кезексиз шайлоо өтөрү менен экс-депутат Урманаевдин ишин териштирүү башталып, Бишкек гарнизондук соту 27-февралда соттоого киришти.

Ошентип он жыл жазага тартылышы күтүлүп жаткан экс-депутат Султан Урманаев азырынча өзүнүн жагдайына байланыштуу көз карашын айтууну каалаган жери жок. Депутат кезинде Башкы прокуратура таккан айыпка карата парламентте сүйлөгөн сөзүндө буларды белгилеген болчу:

-Менин моралдык укугум жана күнөөм бар. Областты жетектеп тургандан кийин мен өзүмдү эч убакытта таптазамын деп айткандан алысмын. Бирок эч качан мен мыйзамдарды буза турган кылмыш жасаган эмесмин. Бекназаровдун, Аксы окуясынын тегерегинде болгон нерсенин бардыгы эң жогорку бийлик тарабынан, орусча айтканда, “узкий круг” тарабынан уюштурулуп, аягына чыкпай, мынча элди жарадар кылып, бир топ азаматтарды окко учурду. Азыр калыстык чечим болбосо, элдин нааразычылыгы күчөгөндөн күчөй берет.

Чындыгында эле алты жыл күтүп, бийликтин Аксы окуясына калыс баа берерине түңүлгөндүгүн аксылык жабырлануучулар жума күнү жарыялашты. Аксылык жабырлануучулар жамы журтка жолдогон кайрылуусунда 17-мартта Аксыда элдик сот өткөрүү демилгесин көтөрүп, элдик соттун курамын түзүүнү Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган элдик парламентке сунуштады. Коомдук парламент мындай сунушка жооп кайтара элек.

Кайрылууга кол койгон жабырлануучулардын бири, Аксы окуясында окко учкан Үркүнбаев Сатымбайдын уулу Бейшенбаев Айжигит кайрылуунун себебин «Азаттыкка» мындайча чечмеледи:

-Баягы эле Акаевдин эле жолу менен кетип атабыз. Күнөөлөнгөндөр дагы эле бийликте отуруп, эч кимден маанайыбызды жылытарлык бир нерсе уга элекпиз. Ушунчалык бул бийликтен күттүк эле, биз ойлогондой болбой калды. Ким өзүн күнөөлүү эмесмин деп сезсе, келип актанышсын. Бизге “менин күнөөм жок” деп далилдеп берсин. Ушинтип эле карама-каршы кыпкызыл калпты айтып жатышпайбы.

Жабырлануучулар коомдук айыптоочулукка сунуштап жаткан бир топ укук коргоочулардын бири, адвокат Сартбай Жайчибеков элдик сот өткөрүү демилгесин толугу менен колдойт:

-Төрт адамды Боспиектен атып салганы, бир адамды Кербенден атып салганы, бир адамды сабап өлтүрүп койгону, 13 адамга ок тийип өлбөй калганы, жүзгө жакын адамды токмоктоп, айрымдары майып болуп калганы - булар айыпталбай турган нерсеби?

Кайрылууда жабырлануучулар ошондой эле 2007-жылы парламенттик комиссия белгилеген 42 адамдын айыбын аныктоону да элдик сотко сунуш кылган. Алардын катарында экс-президент Аскар Акаев менен ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Курманбек Бакиев да бар. Башкы прокуратура болсо экс-президенттин айыбын укуктук жактан негиздеп бере элек жана президент Курманбек Бакиевди айыптаганга эч кандай негиз жок деп эсептеп келатат.

Бул аралыкта коомдук-саясий чөйрөдө Азимбек Бекназаровду баш прокурор кезинде Аксы окуясына чекит кое албагандыгын сындап жүрүшөт. Ишти аягына чыгара албай койгондугун президент Курманбек Бакиев да сындаган:

-Башка иштин бардыгын токтотуп, ушунун аягына чык дедим. Башкы прокурор болуп алты ай иштеди, бирок чыга албады.



Мындай дооматты Азимбек Бекназаров төгүндөп, өз негиздемелерин келтирип жүрөт:

-Жаңы ачылган жагдайлар менен жанагы Букеевалардын арызы, Камчыбектин арызы боюнча экинчи кылмыш иши козголгон эле. Мен 19-сентябрда кызматыман кеттим. Он күндөн кийин ошол кылмыш иштери токтотулуп калган, - деген мурдагы баш прокурор Бекназаров маалымат жыйындардын биринде.

Президенттин дооматына көбүрөөк ыктаган азыркы баш прокурор Сатыбалдиев болсо, Аксы окуясын аягына чыгарарына ишендирүү аракетин тынымсыз жасап келатат. Мындай убадасын баш прокурорлукка макулдук алып жаткан кезде Жогорку Кеңеште да берген болчу.

Бирок укук коргоочулар, көз карандысыз талдоочулар Аксы окуясы аягына чыгарына күмөнүн жазбай айтып келатышат. Алардын бири, Аксы окуясынын учурунда Ош облусунда губернатор болуп турган саясатчы Накен Касиев да мындай көз карашты жактайт, атүгүл элдик соттон майнап чыгарына деле ишенбейт:

-Элдик сот деген, эл эми топтолот, бул көнүмүш болуп калды. Чогулуп өз ойлорун айтаар, ыйлап-сыктаар... Бирок ал элдик соттон эч нерсе деле чыкпайт го, чыгаарына менин көзүм жетпейт.

Накен Касиев Аксы окуясына ким күнөөлүү экендигин коом таразалады, бирок мамлекет тарабынан укуктук баа берүү жагына келгенде тоскоолдуктар жашап кала берет дейт. Ал эми Аксы окуясы боюнча алгачкы коомдук комиссиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев элдик сот мыйзамга каршы келет дейт.



Камакка алынган Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен 2002-жылдын 17-мартында жөө жүрүшкө чыккан аксылыктарга каршы Боспиек айылынын жанында милиция тарабынан ок атылып, алты адамдын өмүрүн алып, көптөгөн адамдар жарадар болушкан. Ошондон бери ар бир жаңы баш прокурорго Аксы окуясы чечүүнү талап кылган башкы маселе катары жүктөлүп, бирок алты жылдан бери чекит коюлбай келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG