Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ОППОЗИЦИЯНЫ АЛСЫРАТУУ АРАКЕТИ БАШТАЛДЫБЫ?


Ушул жуманын аягында Кыргызстандагы айтылуу эки гезит –“Агым” менен “Аалам” “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов тууралуу карама-каршы эки маалымат таратты. Кыргызстанда азыр негизги оппозициячыл күч аталган “Акыйкат үчүн” кыймыл жетекчиси тууралуу мындай карама-каршы маалыматтын таралышы коомдо оппозициянын келечеги менен байланыштырылып, оппозициячыл күчтөрдү алдыдагы багыттарынан алаксытуу үчүн атайылап жасалган аракет деген пикир пайда болду.

“Агым” гезити 29-февралдагы санында экс-тышкы иштер министр Аликбек Жекшенкуловдун көзүн бирөө тазалаган жатыптыр деп жазса, “Аалам” гезити ушул эле күнкү санында Жекшенкуловдун президенттик администрация башчылыгына барышы мүмкүндүгүн жар салды.

Парламенттик шайлоодон кийин чачырап кеткен кыргыз оппозициясынын айрым өкүлдөрү менен мамлекеттин келечегин салмактаган саясатчылардын башын кошуп, “Акыйкат үчүн” кыймылы менен “Коомдук парламентти” иштетүүгө белсенген Жекшенкулов эки маалыматтын тең негизи жок деп четке какты:

- Мен билбейт экемин. Менин бийликке барайын деген максатым жок. Биз “Акыйкат үчүн” деген кыймыл түзүп, ошол жердеги “Коомдук парламентте” саясий система, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү керек деп ант бердик. Акүйгө барып алып бир киши эч нерсени өзгөртө албайт, азыр системаны, Конституцияны өзгөртүү зарыл.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулунун билдирүүсү боюнча, коопсуздук комитети массалык маалымат каражатына чыккан имиш деңгээлиндеги мындай маалыматты негиз кылып, иликтөө жүргүзбөйт. Бирок жаран катары Жекшенкулов атайын арыз менен кайрылса аракет болоорун баса белгилеген басма сөз катчы комитетке азырынча андай кайрылуу түшпөгөндүгүн кабарлады.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов экс-тышкы иштер министрине кол салуу жөнүндө эч кандай оперативдүү маалымат жоктугун төмөнкүчө билдирди:

-Басма сөзгө чыккан маалымат боюнча министрликтин оперативдүү кызматы иш-чара көрөт. Бирок бизге Жекшенкуловдун кайрылгандыгы же ага карата кандайдыр бир кылмыш иши даярдалып жаткандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. Ошондуктан бул маселе боюнча азыр эч кандай иштер жүргүзүлгөн жери жок.

Анткен менен Аликбек мырзанын айланасындагы мындай имиштер бекеринен чыккан жок, ал оппозицияны алсыратып, ичинен ыдыратуу жана сестентүү үчүн атайылап таратылды деген пикир коомдо күч. Андай пикир ээлеринин бири, милициянын полковниги Касымбек Райымкул уулу мындай дейт:

-Бул чын-чынына келгенде бийликтин оппозициялык күчтөрдүн лидерлерине каршы атайылап уюштуруп жаткан аракети. Коомдо ушундай пикирлерди жаратуу алар үчүн пайдалуу. Анткени Жекшенкулов президенттик администрациясына барат экен десе, эл оппозициянын жаңы лидерлери деле ушинтип сатылып кетет турбайбы деп ойлоп калат да! Же ага кол салуулар болот экен деген имиш тараса элдин арасында коркуу сезими пайда болушу толук мүмкүн.

Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов болсо бийлик өзүн коркута же аксата турган эч кандай негиз жок деп, мамлекеттин келечеги үчүн азыркы багытынан тайбай тургандыгын билдирди:

-Мен мыйзамды сактап, балдарымды да мыйзамды сактагыла деп үйрөткөм. Ошон үчүн корко турган эчтеке жок. Мен бирөөнүн кызыкчылыгына, аброюна шек келтирбей, дипломат катары өзүмдү таза алып жүрөм. Мен бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн коррупцияга же кылмышка эч качан аралашкан эмесмин. Ошондуктан ал жактан да жылчык таба алышпайт. Адам бул турмушка келгенде бийлик же байлык гана үчүн келбейт да. Мамлекет деген бар, эл деген бар. Ошон үчүн мен билимим менен тажрыйбамды жумшап, кыргыз элине пайда келтире турган мезгил келди деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG